Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамат Айбалаев: “Чек ара маселесинде коңшуларга ишенип болбойт...”

Мамат Айбалаев: “Чек ара маселесинде коңшуларга ишенип болбойт...”

30-декабрь, 17:00
1 316 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Баткендеги учурдагы абал, кырдаал боюнча оюңуз кандай? Эл дагы деле кооптонуу менен чочулап жашап жатат. Акыркы күндөрү эле бир топ жаңжалдар кайталанды. Чек арачылар күчөтүлгөн режимде иштешүүдө. Качан эл тынчтыкта жашайт?

-- Баткен облусунда, чек арага жакын айылдарда жашап жаткан элибиздин абалы мени, баткендиктерди, кыргыздарды тынчсыздандырат. Бийлик тезирээк чек ара маселесин чечүүгө аракет кылышы керек. Чек ара чечилип калса, эл бүгүнкүдөй кооптонуусуз, тынч, көңүлдүү, бактылуу жашоо улантмак. Коңшуларга ишенип болбойт. Булардын негизги максаты – Баткен, Лейлек райондорунун аймагын ээлеп калуу. СССР убагында көп жерибизди берип койгонбуз. Ошондуктан чек ара чырын тез чечүүгө аракет көрөлү.

Жыл өткөн сайын тажиктердин саны көбөйүп баратат. Азыр 10 миллиондон ашты. А биз 6 миллиондун тегерегиндебиз. Өзгөчө Баткен менен Лейлекте миграция күчөп, элдин көпчүлүгү Чүйгө, Бишкекке көчүп келишүүдө. Ошондуктан ал жерге жумуш орундарын түзүү зарыл. Бош жаткан жерлерди өздөштүрүп, бир ишкерге бир гектардан берип, Лейлек районунун санын (эгерде бүгүн 250 миң болсо) 400-450 миң кишиге жеткирсе болот. Ошондо гана туруктуулук менен тажиктерге каршы тура алабыз. Эң негизи, чек араны бекемдеп жабуу зарыл. Себеби, ал жерде эл аз болгондуктан, коңшу мамлекет бизге күндө кооптуу абал жаратууда.



Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер