Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Айылчиев, активист: “Коронавируска карабай шайлоого даярдыктар күч алды”

Замир Айылчиев, активист: “Коронавируска карабай шайлоого даярдыктар күч алды”

22-май, 17:05
647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шайлоого шымаланып кирише баштагандайбыз. Алгачкы кадамдар кандай ойдо калтырды?

-- Күзүндө боло турчу парламенттик шайлоого саясый партиялар коронавируска карабастан абдан кызуу даярдык көрүшүүдө. Шайлоо босогосунун 5%дык өлчөмү Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок. Себеби, азыркы парламентте жалаң олигархтар отурушат. Алар билимдүү жаштардын конкуренцияна туруштук бере албашына, акчасы жетсе дагы, акылы жетпей тургандарына көздөрү жетип, натыйжада бул мыйзам колдоо таппай калды. Эгер 5% тепкич жана миллиондук күрөө мыйзамы өткөндө, анда 101 миң добуш алган саясый партия парламентке өтүп кетмек. Бул болсо Жогорку Кеңештин жанданышына алып келмек. Бирок, азыркы отурган алтынчы чакырылыштын депутаттары “эң позорный парламент” болуп тарыхта калат. Жетинчи чакырылыштын шайлоого аттанчу талапкерлери 7%дык босого, беш миллиондук күрөө менен аттанышат. Бул деген “саясый партия Кыргызстандагы 3 млн. 385 миң шайлоочунун ичинен эң азында 142 миң добушту алышы керек” дегенди билдирет. Жетинчи чакырылыш деле административдик ресурсту колдонуу менен акчалуулар келет дегенден кабар берет. 

Сөзүмдүн соңунда, эгер “парламентаризмди өнүктүрөбүз, конкуренцияны күчөтөбүз, чет жактан окуп келген билимдүү жаштарды колдойбуз, өлкөнү өнүктүрөбүз” десек, шайлоонун баскычын 3%га түшүрүшүбүз керек. Бирок, азырынча бул кыял бойдон кала берет окшойт...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер