Таабалды Тиллаев: “Алматы–Кемин–Балыкчы жолу биз үчүн аябай пайдалуу долбоор”

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары менен маек.
-- Таабалды Гапырович, ЖМКларга жарыяланган маалыматтар боюнча, Алматыдан Ысык-Көлгө келчү кыска жолдун долбоорунун эң акыркы варианты тандалып алыныптыр. Эми анын курулушу качан башталчудай?
-- Алматы–Кемин–Балыкчы жолу биз үчүн аябай пайдалуу долбоор. Туристтер үчүн да ыңгайлуу. Азыр пайдаланылып жаткан жолдун узактыгы 450 чакырым. Эгер долбоор ишке ашып калса, жол дээрлик эки эсеге кыскарат. Маршруттун эң акыркы варианты мындай: Алматы–Узунагаш–Кастек ашуусу–Карасай Батыр–Кемин–Ысык-Көл. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Биз өз сунуштарыбызды бергенбиз, Казакстан тарап да ага макул болду. Буюрса, эми тендер өткөрүү боюнча иштер башталат. Биз бул жумуштардын баарын эртелеткенге аракет кылабыз, эмки жылдан башталып калса ажеп эмес.
-- Төө-Ашуу тоннелине кошумча түрдө дагы бир тоннель салынат турбайбы?
-- Ооба, 12 чакырымдык кошумча тоннелди салуу боюнча азыр изилдөө жумуштары жүрүп атат. Тоннель Белогорка аркылуу өтөт. Аны салуу боюнча долбоор союз маалында эле түзүлө баштаган экен. Азыр эми биз тыкыр кириштик. Ал кандай жол менен салынары, жеке өнөктөштүк тарабынанбы же инвесторлор тарабынанбы – мунун баары каралууда.
"Азия Ньюс" гезити