Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Коом адилетсиздикке унчукпай калса, сөз эркиндигин эч нерсе сактап кала албайт”

“Коом адилетсиздикке унчукпай калса, сөз эркиндигин эч нерсе сактап кала албайт”

15-февраль, 21:11
1 199 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     -- Коомчулукта талкуу жаратып жаткан ЖМК боюнча мыйзамдын келечеги барбы? Мындан ары сөз эркиндигинин абалы кантет?

Лейла Саралаева, публицист, журналист:

-- Бир караганда, ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам зыянсыз жана өзгөчө эч нерсени өзгөртпөйт. Бирок азыркы бийликтин табиятын билип туруп, мыйзамдын чыныгы максаты сөз эркиндигин көзөмөлгө алуу. Журналисттер акыркы төрт жылда оор мезгилди башынан өткөрүштү жана алдыда дагы көптөгөн кыйынчылыктар турат. Бирок, чыныгы журналисттер кандай шартта болбосун ишин уланта беришет. Анткени элге чындыкты айтуу биздин милдет. Төрт жылдан бери сөз эркиндиги жок кылынды, бирок журналисттер, блогерлер, карапайым жарандар дагы эле пикирлерин айтып келишет. Коом өзү ойлонушу керек, аларга сөз эркиндиги керекпи? Керек болсо, кандай формада сөз эркиндиги сакталат? Коом адилетсиздикке унчукпай турууга даяр болсо, сөз эркиндигин эч нерсе сактап кала албайт. Андай учурда Беларуска, Түркмөнстанга, Түндүк Кореяга айланабыз.

Эсенбай Нурушев, публицист, коомдук ишмер:

-- Азыр интернет, соцтармак күчөп турган мезгилде жаңыча талаптарды, шарттарды коюп атат. Ошого карата кабыл алынган мыйзам деп эсептейм. Мындан коркпош керек. Опурталдуу нерселерди деле көрбөй турам. Союз мезгилинде, мындан катаал учурда сөз эркиндиги болгон. Ошол мезгилде деле кой десе болбой партактивдерди, коммунист жетекчилерди сындап келгенбиз. Ушундан улам сөз эркиндиги тыйылып калат дегенге кошулбайм. Кадимки коммунисттердин “чоң атасы”  Карл Маркстын сөз эркиндиги боюнча аныктамасында “адам рухунун эң башкы привилегиясы аны эч ким эч качан тартып ала албайт, дайыма жашай берет, кандай гана коомдо, кандай гана мамлекеттик башкаруу режими болбосун, бир жерде күчтүү, бир жерде алсыз көрүнөт” деген. Бу дүйнөдө аз гана укук алып, калган укуктарды жарандык коомго өткөрүп берген мамлекет жок, болбойт дагы. Азыр жаңы технологияга байланыштуу өзгөчө жасалма интеллект биздин жашоо турмушубузга кеңири кирсе, “сөз эркиндиги” деген түшүнүктүн өзү, анын мазмуну кыйла өзгөрүүгө дуушар боло турган нерсе деп ишендирип кете алам.  

Адил Турдукулов, саясый серепчи:

-- Жалпыга маалымдоо каражатына карата мыйзамдын кабыл алынышы приоритеттүү маселе эмес болчу. Анткени, бизде “1992-жылкы ЖМК мыйзамы абдан жакшы” деп жалпы коомчулук эле эмес эл аралык бийик даражалуу эксперттер да баалап келишкен. Андыктан, ошол эле мыйзамды калтырып койгон абдан туура болмок. Себеби, жаңы мыйзамда каралып жаткан “Экстремизмден сактайбыз. Дезинформация, “фейктерден” сактайбыз” дегени туура эмес. Алар башка мыйзам аркылуу тескелет. Бул кандайдыр бир журналисттерге, медиа кызматкерлерине “илинчек” илүү аракети болуп жатат го деген ойдомун.


Сурат Жылкычиев
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер