Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камакка алынуу кезеги Төрөбай Зулпукаровго келдиби?

Камакка алынуу кезеги Төрөбай Зулпукаровго келдиби?

26-март, 12:22
1 087 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Биримдиктин” лидери Марат Аманкулов “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен камакка алынды. Депутат болуп туруп жер жайнаган мүлктөрү менен коомчулуктун оозун ачырды. Партиянын экинчи “көрөр көзү” Акылбек Жамангулов “Мегаком” компаниясынан иштен алынды. Эми оңго-солго которгон миллиондорду органдар текшереби, же тек коюшабы? Көрө жаталы. “Биримдиктин” дагы бир кыйыны Төрөбай Зулпукаровго түрмөдөгү Курманбек Дыйканбаев миллиондорду “сугунганы” боюнча көрсөтмө бергени ыраспы? Эгер мындай болсо, эмне үчүн иш козголбой жатат? Курманбек Дыйканбаев мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги өкүлү катары бизнесмендерге таасир жаратып, “Дастан” заводунан миллиондорду шефине өөнөп бергени калппы? Айтор, суроолор көп. Деги эле бул жааттагы коррупциялык мафияга жаңы бийлик чечкиндүү кирише албай, мокоп атканын кандайча түшүнөбүз?   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер