Гүлзат Аалиева: “Курманкул Зулушевдин тергөөчүлөрү полковник Уланбек Аалиевди эптеп эле түрмөгө чиритүүгө аракет жасашкан...

-- Арыбаңыз, Гүлзат айым! Жалпы журтка сиздин бир тууганыңыз, полковник Уланбек Аалиевди айыптаган иштин чоо-жайын түшүндүрүп койсоңуз?
-- 2021-жылдын 21-октябрь күнү Асыл Талипова деген жарандын арызынын негизинде Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБнин начальниги, полковник Уланбек Аалиев КР Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан Жазык кодексинин төмөнкүдөй үч беренеси боюнча кармалып, УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген: 1) «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», 2) «Ири өлчөмдөгү пара талап кылуу», 3) жабырлануучу Асыл Талипованы азапка (пытка) салуу.
-- Полковник Уланбек Аалиевди каматып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган Асыл Талипова деген ким экен?
-- Асыл Талипова деген жаран «Квартал строй» деген курулуш компаниясынын ээси экен. Ал «Квартал стройдон» квартира алам деген ондогон жарандардын эң аз дегенде 2 млн. АКШ долларын алдап алган. Асыл Талиповага өтө ири өлчөмдөгү акчасын алдаткандардын арасында чет өлкөлүк инвесторлор да бар. Октябрь РИИБнин начальниги, полковник Уланбек Аалиев РИИБге келип түшкөн 31 арыздын негизинде 2021-жылдын октябрь айынын башында Асыл Талипованы камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок «Асыл Талипова 6 баланын жалгыз бой энеси. Ал ата-энеси, багар-көрөрү жок жетим» деп тили-тилине тийбей жактап, үй камагына чыгарып, полковник Уланбек Аалиевди каматтырып жиберип, «презумпция невиновности» деген принципти жана Жазык-процессуалдык ченемдерин (нормаларын) одоно бузуп, соттун өкүмү чыга электе эле полковник Уланбек Аалиевди өзүнө тийешелүү «Наждак» деген сайт аркылуу колунан келишинче мокочо кылып көрсөтүү аракеттерин активдүү кылган.
-- Адвокат Канат Хасанов азыр деле Асыл Талипованы жактоону улантуудабы?
-- Жок, Асыл Талипова үй камагына чыккандан кийин далай жарандын убалына калган алдамчы аялга болгон коомчулуктун терс реакциясын байкап, Канат Хасанов аны жактоону токтоткон. Баса, 2021-жылдын октябрь айынан бери Асыл Талипованы жактаган адвокаттар, прокурорлор өтө көп алмашышты.
-- Полковник Уланбек Аалиевдин иши менен байланышкан соттук отурумдар тууралуу кыскача айтып берсеңиз?
-- 2022-жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда полковник Уланбек Аалиевдин иши менен байланышкан кезектеги отурум болду. Судья Чолпонай Үмөталиева эмгек өргүүсүнө кетип жатканына байланыштуу отурум сентябрь айынын башында уланмай болду. Судья эмгек өргүүсүнөн келгенге чейин полковник Уланбек Аалиев УКМКнын ТИЗОсунда калтырылды.
-- Күбөлөр сотко кандай көрсөтмө берүүдө?
-- Уланбек Аалиевдин иши боюнча 26 күбө сотко келип, өз көрсөтмөсүн беришти. Алардын көрсөтмөлөрү полковник Уланбек Аалиевге кылайган көө жапкан жок. Тескерисинче, күбөлөр «полковник Аалиевдин кабинетинен Асыл Талипова ыйлап чыкты деген маалыматты мен берген эмесмин. Бул маалыматты башкы прокуратуранын тергөөчүсү көбүртүп-жабыртып жазып койгон. Мен мындай маалымат бербегенимди айтсам, тергөөчү «эч нерсе болбойт. Мен шашып жатам. Убактым жок. Кол кой деген жерге кол кой» деп мени демитип койду. Мен башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү түзгөн сурак протоколу менен таптакыр макул эмесмин. Анкени, мен эч кимден эч кандай акча алган эмесмин жана ал акчаны эч кимге, анын ичинде, полковник Уланбек Аалиевге берген эмесмин» дешүүдө. Мындай туура эмес жагдайлар толтура.
-- Ошондо башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү мыйзамды одоно бузуп, сурак протоколдорун өз билгениндей толтуруп коюшканбы?
-- 26 күбө көрсөтмө берди. Алардын бири да полковник Уланбек Аалиевге көө сүрткөн жок. Тескерисинче, Курманкул Зулушевдин тергөөчүлөрү «полковник Уланбек Аалиевди эптеп эле түрмөдө чирители» деген максатта өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн каалагандай бурмалап салышканын сотко келген 26 күбөнүн көрсөтмөсү жалпы коомчулукка айкындап салды.
-- ТИЗОдо камалып жаткан полковник Уланбек Аалиевдин ден соолугу учурда кандай?
-- Жаратканга шүгүр, азыр Уланбектин ден соолугу менен маанайы жакшы. Бирок, анын мурда эле подагра оорусу бар эле. Ошол оору май айынын аягында, июндун башында өтө күч алып, бутунун башынан белине чейин барсайып шишиген. Уланбек ордунан тура албай, баса албай калган. Биз акыйтчы институтуна кайрылып, акыйкатчынын кийлигишүүсү менен полковник Уланбек Аалиев УКМКнын талабы менен 18 күн жеке менчик ооруканада дарыланып чыкты жана УКМКнын ТИЗОсундагы санитардык бөлүктө дарылануусун улантты.
-- Аз күн мурун «Кактус-медиа» сайты Асыл Талипова азыр үй камагында экенин жана аны мамлекеттик жогорку даражалуу кызматкерлер калкалап жатканын жазды. Демек, бул маселенин өзөгү тереңде экен да, ээ?
-- Кийинки кездерде социалдык тармактарга карапайым жарандардын үй алам деп өмүр бою топтогон ири өлчөмдөгү акчасын жеп алып, аларды кан кустуруп коюп качып жүргөн алдамчылар тууралуу өтө көп айтылып жатат. Ошол эле Асыл Талиповага каршы жазылган арыздардын саны азыр 45ке жетсе да, ал эркиндикте жүрөт. Өкүнүчтүүсү, 45 жабырлануучунун арызы каралбай, бир эле Асыл Талипованын арызынын «30дан ашуун жарандын акчасын алдап алган» деп шектелген аялды камакка алганы үчүн килейген РИИБнин начальнигин (өз өмүрүн тобокелге салып, криминал менен көп жыл ийгиликтүү күрөшкөн милициянын полковнигин) камакка алып, аны 10 айдан бери ТИЗОдо кармап, бүргөгө талатып кордогондун өзү адамгерчиликке жатпайт! Эмнеси болсо да полковник Уланбек Аалиевдин камакта жатышы ири аферисттердин чалчактоосуна мотивация берип жаткандай. Кызык, «Аллах эле, Аллах!» деп тилин туурасынан чайнап, ыймандуусунуп, беш маал намаз окуп, өзүн апакай динчи көрсөткөн Курманкул Зулушев төмөндөгү
-- 45 (кырк беш) мусулман үй-бүлөсүн ботодой боздоткон;
-- 4 балалуу жалгыз бой энени өмүр менен кош айттырган;
-- бир канча жаранды же акчадан, же үйдөн жок, БОМЖго айланткан;
-- бир канча үй-бүлөлөрдү ажыраштырып, алардын коломто отун өчүргөн бир аферист аялдын арам акчасын артык көрүп, жогорку квалификациялуу офицерди, милициянын полковнигин ак жеринен садагага чаап жибергени үчүн Кудай алдында кантип жооп берер экен? Ал эми акчасын алдатып, тагдырдын оор сыноосунда калган жарандардын убал-сообу кимге?..
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити