Элге эмнени айтууга болот? Айтылбай турган кандай купуя сырлар бар?
1. Айтууга болбой турган биринчи купуя – келечекке коюлган максат. Максат толук кандуу ишке ашмайынча, ал тууралуу ооз ачпоо керек. Адамдын кез келген ою ишке ашпай калуусу да мүмкүн. Ар бир жеринде сыноосу менен болот. Бирок, мурунку ой-максатты жаңы максат менен өзгөртүп коюу мүмкүн.
2. Кайрымдуулук иштер тууралуу эч кимге айтпоо. Кайрымдуулук иш – жер бетинде сейрек кездешүүчү кубулуш. Муну көздүн карегиндей сактоо керек. Өзүңүздү жакшылык кылганыңыз үчүн ашыра мактабаңыз. Мактоо – адамды текеберликке алып келет.
3. Такыбалык тууралуу көпчүлүккө ооз ачпоо. Тамак, уйку, күлкү жана аял (күйөө) менен болгон байланышты эч ким билбегени жакшы. Такыбалык – эң баалуу курал.
4. Жасаган эрдик тууралуу ооз ачпоо. Ар адам күндөлүгүндө ар түрдүү окуяларды башынан өткөрүп жатат. Бирөөсү билеги менен жеңишке жетсе, бирөөнүн акыл күчү менен. Күч менен жеңген адамдын эрдиги тез бааланат. Ички күчтү эч ким байкай бербейт. Ошон үчүн эч ким бул нерсеге маани бербейт.
5. Руханият жөнүндө сыр тутуу. Руханий байлык сиздики. Аны бирөөгө айтып, эч кандай аброй жыйнай албайсыз. Айланаңыздагы адамдардын чыныгы муктаждыгын көрсөңүз гана чет жакасын айтыңыз.
6. Үй-бүлө жана андагы маселелер тууралуу айтпоо. Эсиңизде болсун: үй-бүлөңүздөгү уруш-талаш тууралуу айтсаңыз, андагы ынтымак дагы да ыдырай түшөт. Уруш-талаш – баарында сакталып калган зыяндуу кубат. Үй-бүлөңүздү сактап калуу – сиз үчүн милдет болсун! Үй-бүлөдөгү мээримди башка эч ким бере албайт.
Аялы (күйөөсү) менен жакын мамиледе болгон учурларды жакын дос-жолдошторуна айтпоо, жайбоо. Бул да арам! Аллахтын элчиси (САВ) “Акыйкатта, кыямат күнү Аллахтын алдында аманатка жасалган эң чоң кыянаттын бири – аялы-күйөөсүнүн ортосунда болгон жакындык мамилени башкаларга айтуусу” дейт.
7. Мурун уккан жаман сөздөр тууралуу айта бербеңиз. Көчөдө жүрүп бут кийимди булгап алууга болот. А кээде жүрөгүн булгап алгандар да болот. Жолдо келе жатып каңсыган бир сөздү угуп, аны үйүнө айтып келген адам – бут кийими ылай болуп туруп, босогону аттап кирип, төргө өткөн адамдан айырмасы жок.