Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Динге жамынгандар белгилүү бир топторго кызмат кылышат”

-- Балбак Зарлыкович, улуттук туубузду өрттөгөн диний экстремисттерге карата кандай чаралар көрүлүүгө тийиш деп ойлойсуз?
-- Кыргызстанда элдин биримдигин бузган, ар кандай көз караштагы сеператисттер, ошого катар “өлкөбүз чачырап кетсе” деген күчтөр бар. Улутка, улуттук баалуулуктарга, мамлекеттик символдорго каршы чыгып, желекти өрттөө – мамлекет жок болуп кетсин (!) дегендик да. Буларды мыйзам чегинде аябай катуу жазага тартыш керек. Эгер өлүм жазасы болгондо, буларды өлүмгө өкүм кылыш керек эле. Акырын-акырындан ушинтип искра кыла берет. Азыртадан түп-тамырынан бери жулуп жоготуш керек. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө коркунуч алып келет булар. Кандай көз карашта экенине, кайсы улутка таандык болгонуна карабастан, мындайларды түп-орду менен тазалоо зарыл.
-- Анда мыйзамдарды катуулатыш керек дейсизби? Себеби, бизде өлүм жазасы жок да?
-- Негизи эле динди жамынгандар динге кызмат кылбайт. Булар белгилүү бир топторго кызмат кылат. Түшүнүктүү да, катуу жаза керек. Ушу кантип болсун, улуттук желекти өрттөп, ордуна ак желек илген?! Өзүн “халиф” деп атап алыптыр. Булардын башын текшертиш керек. Фанатизм да бул! Эгер мыйзамдар жетишсиз болуп атса, жазасын дагы оорлотуу кажет. “Өлүм жазасы” дегенде мен бул окуянын коркунучтуулугун айтып атам. “Эгер болсо ушуну киргизип, жазалаш керек эле” деп. Бул менин жеке оюм.