Акыркы кабарлар
» Экономика » Май айында бензин дагы кымбаттаары күтүлүүдө
Май айында бензин дагы кымбаттаары күтүлүүдө
04-май, 18:15
887 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы төрт пайызга (эки сомго) кымбаттайт. Бул тууралуу өлкөнүн нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, мунайдын баасы дүйнө жүзүндө жогорулап жатканы байкалууда. 2-майга карата алынган маалыматка ылайык, Brent маркасынын баррели 66,82 долларды түзүүдө.
“Май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы төрт пайызга (эки сомго) кымбатташы мүмкүн. Ошол эле учурда мунай сатуучу компаниялар баанын өсүшүн текшилөө жана кескин кымбаттоосуна жол бербөөгө ниеттенип жатышат” дейт ал.