Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Акаев: “Дайыма адилеттүүлүктү жактаган, элдин сөзүн сүйлөгөн фракция катары калабыз”

Жанар Акаев: “Дайыма адилеттүүлүктү жактаган, элдин сөзүн сүйлөгөн фракция катары калабыз”

06-март, 22:30
830 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, эң оболу “Альянс” фракциясынын лидери болуп шайланышыңыз менен куттуктайбыз! Айтсаңыз, лидердин алмашышы менен фракциянын багыты, позициясы да өзгөрүшү мүмкүнбү?

-- Биздин багыт өзгөрбөйт. Бирок, министрлер кабинети тарабынан чоң стратегиялык каталар кетсе, элге каршы чечимдер кабыл алынса, өзүбүздүн сын пикирибизди түз айтууга дайыма эркибиз да, күчүбүз жетет. Дайыма адилеттүүлүктү жактаган, жакшы сунуштарды, прогрессивдүү мыйзамдарды киргизген, элдин сөзүн сүйлөгөн фракция катары калабыз. Ошого аракет кылабыз.

-- Мурдагы лидериңиздер Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп кетем деп ойлобосо керек эле. Бир күнү сизге да ошондой сунуш болуп калса, жаңы кызмат аркалаганга даярсызбы?

-- Министрлер кабинетинин курамына барууга, биринчиден, мага сунуш боло элек, өзүм да азырынча ойлонуп көрө элекмин. Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл облусуна ыйгарымдуу өкүл болуп кетти, партияны түзүүчүлөрдүн башында тургандардын дагы бири Мирлан Жээнчороев парламентке али келе элек (кезек аз калды). Ошон үчүн мен Жогорку Кеңеште туруп турушум керек. Бирок, эгер элге пайдам тийе турган сунуштар болсо, аны да ойлонобуз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер