Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл үчүн кызмат кылган Азамат Токтоналиев генералдык наамга татыктуу

Эл үчүн кызмат кылган Азамат Токтоналиев генералдык наамга татыктуу

12-июль, 23:00
1 316 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек ШИИББнын начальниги Азамат Токтоналиев аныгында эле азамат жетекчи экен. Кайда иштебесин, өздүк курам үчүн дайыма камкордук көрүп келет. Дегенибиз, Талас ОИИБ начальниги кызматында бир жылга жетпеген убакыт иштеп, убагында атканага айланып калган, талкаланып, таланып-тонолгон имаратты тыным албай жүгүрүп жүрүп, Талас шаардык мэриядан ОИИБ балансына өткөрүп, мамкаттоодон бекитип, мамлекеттик акты алып, азыркы жаркыраган имараттын турушуна зор салымын кошкон. Албетте, бул демилге ички иштер министри Улан Омоканович Ниязбековдун түздөн-түз колдоосу менен ишке ашкан эле. Мындан тышкары, Азамат Токтоналиев бир кездерде кароосуз калган Таластагы ОИИБнин “Динамо” стадионун жаркыратып оңдотуп, ачылыш аземинде Талас ОИИБнын ардагерлеринин спартакиадасы өткөрүлгөн. Азамат Шейшенбековичти “Таласта аз убакытта саз иштеди” деп ардагерлер, жалпы карапайым элибиз алкап келишет. 

Ал эми бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын башкы милициясы өздүк курам үчүн камкордук көрүп, министрибиз Улан Ниязбековдун түздөн-түз колдоосу аркылуу УКМКнын мурунку имаратын Бишкек ШИИББ балансына алдырып, учурда айрым ремонт иштери кызуу жүрүп жатат. Андан ары борбор калаабыздын төрт районунун милиция башкармалыктарына жаңы имарат салдыруу үчүн Бишкек шаардык мэриясынан жер бөлдүрүп алууга жетишти. Эл үчүн кызмат кылган азамат жетекчини көпчүлүк колдойт эмеспи. 

Сөз соңунда айтарым, акыркы убактарда милициянын жетекчи курамынын арасында генерал наамын алгандар дээрлик жокко эсе болуп калганы ардагерлерди кабатыр кылып келет. Кудайга шүгүр, элге кылган кызматтарынын акыбеттери кайтып, татыктуу түрдө Азамат Токтоналиевге, Жеңиш Жоробековго бак даарып, урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун жарлыгы менен генерал наамы берилип каларынан үмүтүбүз чоң. Министирибиз Улан Омоканович биздин аруу тилегибизди эске алат деген зор ишенимдебиз. 


Алтынбек Шербахунов милициянын ардагери, II-III элдик курултайдын делегаты  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер