Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабиржан Абдыкеримов: “Кырдаалдын оорлоп кетишине даяр бололу”

Сабиржан Абдыкеримов: “Кырдаалдын оорлоп кетишине даяр бололу”

09-апрель, 14:33
1 052 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Кыргызстандагы коронавирус инфекциясына байланыштуу учурдагы кырдаал жана вирус жуктуруп алгандыгы аныкталган медицина кызматкерлери тууралуу айтып бергенин аталган ведомствонун басма сөз кызматы таратты.  

"Биз дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек, бирок ошол эле учурда кырдаалдын оорлоп кетишине дагы даяр бололу. Жакын арада эмне болуп кетерин биле албайбыз, анткени коронавирусту жана ага байланыштуу кырдаалды изилдөө дагы эле улантылып жатат.

Мисалы, Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда бир үйдө 4-5тен балдары бар үй-бүлөлөр жашайт, азыр көңүлүбүздү ошолорго буруп жатабыз, ошондуктан азырынча кандайдыр бир божомол жасоо абдан эрте, анткени биз али акыркы оору катталган учурдан баштап инкубациялык мезгилди (оору жуктургандан баштап анын белгилери пайда болгонго чейинки мезгил – ред.) али басып өтө элекпиз.

Ошого карабастан биз бүгүнкү күнгө, бир айга жана үч айга карата: дары-дармектер, дарыгерлер, каражаттар, орундар, ооруканалар, бейтаптар жана байланышта болгондор үчүн алдын ала баардык керектүү эсептөөлөрдү даярдадык жана Республикалык штабдын чечиминин алкагында аларды өкмөткө бердик, анда ошондой эле башка министрликтердин жана ведомстволордун дагы программалары бар".

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер