Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: “100 миллион доллардан ашык гранттык жардамга менин да тийешем бар”

Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: “100 миллион доллардан ашык гранттык жардамга менин да тийешем бар”

14-февраль, 21:01
1 367 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Таалайбек Айтмаматович, элге сүйүнчүлөй турган кандай жакшы кабарыңыз бар?

-- Быйыл март айында Чүй облусуна 7,5 миллион долларлык саламаттык сактоо жабдуулары келет. Андан тышкары, төртүнчү кварталда Баткенге JICA өнүктүрүү фондусунан жол курулушуна иштетилчү, ташты майдалай турган техникалык жабдуулар келмекчи. Баасы 5-6 миллион доллардын тегерегинде. Мунун баары бекер берилчү гранттык жардамдар. Былтыр мен июнь айында Японияга барганда, JICAнын президентинин биринчи орун басары, Орто Азиянын координатору менен сүйлөшүп, алар Бишкек шаарынын жүрөк оорулары хирургиясына, ошону менен бирге аялдардын көкүрөк рагы бөлүмүнө техникалык жабдууларды бермей болушкан. Ал долбоор ишке ашты. Андан тышкары, Ош облустук ооруканасына жана онкологиялык борборго 10 миллион сомдук жабдууларды берүү боюнча сүйлөшүлдү. Ушул айда Кыргызстанга атайын миссия келет. Ошко барып, жагдай менен таанышкан соң чечим кабыл алышат. Жарандык авиация тармагында аба жолдорун коопсуздоочу 14 миллион долларлык мунараларды орнотуу боюнча келишим ратификациядан өттү.

-- Бул долбоорлордун баарына сиздин да кандайдыр бир өлчөмдө катышыңыз бар да. Япониялыктар менен кантип иштешип калгансыз?

-- Алар менен 2015-жылдан бери тааныштыгым бар. Мен Кыргызстан-Япония парламенттик достугу лигасынын төрагасымын. Япония парламентинде саясатта орду бийик кесиптештерим бар. Мисалы, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Годаан, Япония-Кыргызстан парламенттик достук лигасынын төрагасы Ген Накатани (ал бир эле учурда күн чыгыш өлкөсүнүн коргоо министри да болуп иштейт), анын орун басары Эндоан. Ошолор мага көп жардам беришти. Мен аларга кат аркылуу кайрылам, кээде барып сүйлөшөм. Кыргызстанда болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди айтам. Алар JICAнын жетекчилери менен сүйлөштүрөт, JICA тышкы иштер министрлиги аркылуу сөзсүз карап чыгып, миссиясын жөнөтөт. Өкүлдөр изилдеген соң долбоорду жактырышат. 2018-жылы Япония парламентинин достук лигасынын депутаттары бизге үч күндүк иш сапары менен келип кетишти. Бул ошол сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашып аткан долбоорлор. Төө-Ашуу менен Өтмөктөгү кар көчкүдөн коргоочу 6 миллион долларлык тосмо, Чычкандагы 34 миллион доллардык тоннель, Таластагы 21 миллион доллардык көпүрө, айтор, 100 миллион доллардан ашык гранттык жардамга менин да тийешем бар деп айта алам жана сыймыктанам!     


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер