Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талгарбеков менен Исаков бийликтин баш оорусун жаратабы?

Талгарбеков менен Исаков бийликтин баш оорусун жаратабы?

25-апрель, 19:30
896 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-министр Бекболот Талгарбеков менен генерал Исмаил Исаков орточул оппозициялык кыймыл түзүүгө киришкени, азырынча конструктивдүү маанайды карманышары, бирок бара-бара күчөп кетишери болжонууда. “Кызый-кызый кыз койнуна кирет” дегендей, саясат деген тизгин тартууга ээ бербеген азарт эмеспи. Азырынча аксакалдар түзүп аткан топко бир топ лөктөр кызыгып атышканы, кошулууга ниеттерин билдиришкени, келечекке карай бийликке каршылык көрсөтүү үчүн аттанышары, сыягы, күзгө карата “кылчайнашууга” даяр турушары ыраспы? Эске салсак, Исмаил Исаков кандуу Бакиевдин режимине каршы чыгып, оппозицияны чыңдап, камалып, чоң сыноодон өткөн. Бекболот Талгарбеков да бул жагынан кем калышпайт, чак түштө “Элдик парламентти” түзүп, Атамбаевдин бийлигин солкулдатып, натыйжада, жазыксыз жерден абакка кесилген. Болгондо да террористтер менен өзгөчө кароодогу жабык жайда үч жылга жакын отуруп чыккан... Кыскасы, бийликтин баш оорусун жаратышат окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер