Индира Куралбекова, 100-кесиптик лицейдин директору: “Жашыл энергетика өлкөгө өнүгүү алып келет”


-- Индира айым, Кыргызстанда жашыл энергетика боюнча окутуу борборунун курулушуна старт берилиптир. Кандай артыкчылыктары бар? Келечегине ишенсе болобу?
-- Албетте. Ушундай чоң максаттар менен 100-кесиптик лицейдин базасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жашыл энергетикага адистешкен окутуу борборунун курулуш иштери расмий башталды. Буюрса, бул борбор заманбап технологиялар менен жабдылып, күн панелдерин орнотуу, тейлөө жана энергетикалык көз карандысыздыктын алдын алуу боюнча билим берүүчү уникалдуу платформага айланат. Жашыл энергетикага багыт алуу жөн гана билим берүү долбоору эмес, тарыхый кадам десек да болот. Кыргызстандын келечегин түзүүчү, экологияны коргоочу жана экономикалык өсүшкө жол ачкан чоң инвестиция. Анткени жашыл энергетика – бул дүйнөлүк тренд гана эмес, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу, айлана-чөйрөнүн таза сакталышы жана жумуш орундарын жаратуу сыяктуу стратегиялык мааниге ээ.
Окутуу борбору ар жылы жүздөгөн жаштарды заманбап кесипке үйрөтүп, жогорку талаптарга жооп берген адистерди даярдайт. Бул өз кезегинде региондордо чакан жана орто бизнеске дем берет, айыл жергесинде күн энергиясы менен иштеген объектилердин саны көбөйөт. Буюрса, экономика жанданып, жаңы инвестициялар, ири технологиялар келет.
Мындан сырткары, бул борбор экологиялык коопсуздукка, көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтууга, жашыл экономикага өтүүгө багытталган практикалык кадам. Кыргызстан өзүнө тийешелүү табигый байлыктарды натыйжалуу пайдалануу менен экологиялык таза энергия аркылуу экономикалык өсүшкө жетет.
-- Бул долбоорго кайсы уюм колдоо көрсөтүп жатат?
-- Мамлекет үчүн маанилүү долбоор боордош Түркия Республикасынын TIKA уюмунун колдоосу менен ишке ашууда. Биз Түркия элине жана өкмөтүнө терең ыраазычылык билдиребиз. Бул борбор эки элдин ортосундагы ишенимдин, достуктун, стратегиялык кызматташтыктын символу болуп калат деп ишенем.
-- Индира айым, 9-класстан кийин “мектепте окубайм, бир кесипке ээлик кылам” дегендер кайсы кесипти тандаса туура тандоо кылышат?
-- 9-классты бүтүп, кайсы бир кесипке умтулгандар курулуш, жеңил өнөр жайы жана энергетиканы тейлөө тармагынын адистиктерине тапшырса болот. Ошондой эле азыр кирешени көп тапкан кесиптерге темир ширетүүчү, энергетик, автослесарь жана башкалар кирет. Бул кесиптер жөнөкөй көрүнгөнү менен жогорку окуу жайды бүткөндөрдөн көп каражат табышат. Энергетикалык кесиптин да келечеги кең. Бүгүнкү күндө өлкөбүзгө мыкты энергетиктер, техниктер абдан зарыл. Биздин бүтүрүүчүлөр ушул зарыл муктаждыктарды камсыздап, өндүрүш тармагына өз салымдарын кошуп жатышат.
-- Сиздин баамыңызда, дагы кайсы кесипке суроо-талап күч?
-- Бүгүнкү күндө курулуш, полиграфия жана IT тармагынын адистерине суроо-талап күч.
-- Соңку жылдары лицейден билим алууга ашыккандар көбөйүп калдыбы?
-- Албетте, кесиптик лицейлердин кадыры көтөрүлүп, билим алгысы келгендер жылдан жылга көбөйүүдө. Себеби, контингент да кеңейди. Анткени, эмгек рыногунда жумушчу кадрларга болгон муктаждык көп экени байкала баштады. Жогорку билимдүү адистерге салыштырмалуу жумушчу кадрлардын айлык акысы кыйла жогору. Ошон үчүн жаштар жашоого реалдуу карап башташты. 100-кесиптик лицейи окутуп даярдап чыгарган адистер бүгүн өлкөнүн баардык аймактарында энергетикалык объектилеринде эмгектенишүүдө.
2025-2026-окуу жылын ийгиликтүү жыйынтыктап, 300гө жакын энергетик даярдадык. Бүтүрүүчүлөрдүн 50%га жакыны өлкөнүн дээрлик аймактарындагы РЭС, НЭСК, ТЭЦ сыяктуу стратегиялык маанидеги ишканаларга ишке орношуп жатышат. Ал эми ширетүүчүлүк жана тейлөө тармагындагы адистер социалдык объектилердин курулушунда, о.э. жеке курулуш компанияларында эмгек жолун башташууда. Кесиптик билим – келечекке ишеним жаратат.
"Азия Ньюс" гезити











