Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адамдарды жакшылыкка үндөгөн илим Кудайга да жагат

Адамдарды жакшылыкка үндөгөн илим Кудайга да жагат

28-июнь, 18:40
584 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Өскөн Козубаев)

Дос деген сөз түпкүлүгүндө сүйүү менен жолдоштуктун ортосундагы эң таза тунук жана ыйык сезимдерди билдирген мамилени чагылтса да, демейде көп маанини (“балалык дос”, “студенттик дос”, “кызмат дос” деген сыяктуу) камтып жүрөт. Албетте, булардын ичинен эң уузу, тазасы – балалык дос, андан кийинкиси студенттик дос. Ал эми “кызмат дос” көбүнчө мансапка, кесипке, бийликке байланыштуу айтылып, жакшы кабылдана бербейт. Мунун тарыхый мисалы Цезарь менен Бруттун бийлик талашы эмеспи (Цезарды бычактаган). Цезарь досу Брутка “Брут, сен дагыбы?” деп таңкалганы белгилүү. Ошол эле мезгилде жаркын идея, жакшы максат-тилек үчүн жан аябай достошкон улуу үлгүлөрү да бар. Ал К.Маркс менен Ф.Энгельстин достугу, өзүбүздүн тарыхта Манас-Алмамбеттин, Курманбек-Аккандын ынак мамилелери...

Мен Өскөн Козубаев менен жаш кезимде илим жолунда тааныштым, ал философ, мен адабиятчы, сынчы элем. Мага адегенде анын айылдаштары – курсташ, тайпалаш курбум Сулайман Кайыпов, айтылуу тамсилчи, жазуучу жана адабиятчы-профессор Мухтар Борбугулов, белгилүү публицист жана романчы Шабданбай Абдраманов жакын тааныш болчу. Көрсө, Өскөн алгачкы адистиги боюнча тарыхчы, андан кийин этика боюнча кандидаттык диссертация жазып жүрүптүр. Жетекчиси көрүнүктүү философ, академик Асылбек Алтымышбаев экен. Мен билгенден, мурда этика боюнча бизде бир гана окумуштуу, маркум Нуркемел Кулматов бар болчу. Ал белгилүү сынчы Камбаралы Бобуловдун жакын досу болгондуктан, мен аны менен жакшы мамиледе элем. 

Ошентип, Өскөн менен эрте, жаш чагымда тааныштым. Кийинчерээк илимдер академиясында чогуу иштедик, мен тил жана адабият институтуна директор болдум, ал философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкерден, директордун орун басарлыгына чейин жетти. Замандын шарапатына жараша анан саясатка жана мамлекеттик кызматка өттүк. Өскөн адегенде өкмөттүн аппаратында иштеп, мен Жогорку Кеңеште Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарында төрага болуп турганымда мага жардамчы, кеңешчи, аппарат жеткечиси болду. 2005-жылкы окуялардан соң кайрадан өз кесибибизге – агартуучулукка жана илимге кеттик. Мына эми экөөбүз тең 70 жашты таянып турабыз. Ушул куттуу куракта ага айтарым эмне? 

Өскөн баарыдан мурда жакшы үй-бүлөнүн (атасы айылда башкарма болгон экен) таалим-тарбиясын алган, кийгени жарашыктуу, жүргөн-турганы салмактуу, сөздөрү орундуу адам. Экинчиден, жакшы билимге эгедер: университеттин тарых факультетин артыкчылык менен бүтүргөн, азыр философия илимдеринин доктору, көптөгөн илимий макалалардын жана бир нече китептердин, атап айтканда, “Этиканын парадокстары”, “Кыргыз элинин этикалык ойлом тарыхын таанып билүү” деген олуттуу эмгектердин ээси. Бул багытта ага таанымал айылдаштарынын (М.Борбугулов, философ-эстетик К.Матиев, фольклор таануучу-этнограф С.Кайыпов ж.б.) оң таасири тийсе керек. Үчүнчүдөн, ишке абдан так, жоопкерчиликтүү, мен буга айрыкча Жогорку Кеңеште иштеп жүргөнүбүздө, республиканын аймактарын кыдырганда, чет өлкөлөргө расмий сапар менен барганыбызда ынандым. Ушундан улам бир азил сөздү атайы эскергим келет. 

Демейде чоңдорго ар кандай өтүнүчтөр менен киргендер көп болот эмеспи. Муну мен өзүм да чоң болуп жүргөнүмдө далай ирет баштан өткөргөм. Мындай иштин эки (оң жана терс) жагы бар. Жакшысы – маалымат аласың, жаманы – кээде керексиз иштерге убакыт коротосуң. Жеткечинин аппараты, жардамчы, кеңешчилери ушундай жагдайларда кылдат болушу кажет. Бул жагынан Өскөн дайыма өз ордунда болуп, камчы салдырчу эмес. Ошондуктан менин айрым жердештерим, досторум, инилерим “ой, ушу Өскөн өлбөдү да” деп тамашалап калышчу. 

Акырында чоң ыраазычылык менен белгилерим – Өскөндүн адамгерчилиги, достукка бектиги. Ал адамдын кызмат абалына, бийлик-байлыгына карап мамиле кылбайт, колунан келишинче бардыгына тегиз карайт. Анын өмүрлүк жары Макиш да ушундай жөнөкөй. Албетте, адам болгон соң ар бирибизде ар кандай тариздеги кемчиликтер кездешпей койбойт. Өскөндөгү ошондой иштердин бири – докторлук диссертациясын кеч коргогону деп дайыма айтып келдим. Ал эчак эле жактаса болмок. Мейли эми, орустар айткандай, ийгиликтин эрте-кечи жок. Этикадан баштаган илимий ишин эми ошол эле этика менен жыйынтыктап отурат. Өскөндүн эңсегени, жүргөн-турганы да, сүйлөгөнү жана жазганы дагы этика. Адамдарды жакшылыкка үндөгөн бул илим Кудайга да жагат. Бар бол, аман бол досум! Көп жаша!    


Абдыганы Эркебаев

12.06.2023 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер