Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмдүн үй-бүлөлүү аял менен сырдашып, жазышканын кантип токтотом?

Күйөөмдүн үй-бүлөлүү аял менен сырдашып, жазышканын кантип токтотом?

19-январь, 17:00
1 753 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда кызыктай абалда жүргөн кезим. Турмуш курганыбызга төрт айдын гана жүзү болду. Жакында эле жолдошумдун телефонунан капысынан кыздар менен жазышканын окуп калдым. Көргөн көзүмө аликүнгө дейре ишене албай кетем. Телефонун карап коюу мурда-кийин оюма келбептир. Кокусунан керек болуп ала калсам, кашайып, жазышкандары бажырайып чыга калганы өкүндүрөт. Эки-үч күн таарыныштык. Андан бери бир да ирет ал тууралуу, телефон жөнүндө да сөз козгобойм. Акылы болсо токтотуп, өзү билер деп тилимди тиштеп кала бердим. Ал кыздын аккаунтун карасам, үй-бүлөлүү, күйөөсү, чырактай балдары бар неме экен. Андайларды жер кантип көтөрүп жүрөт болду экен. Жаңы эле баш кошсок... Башында эле ушундай болсо, акыры эмне болоор экен?.. Балким токтотоор дейм. Мээмден экөөнүн жазышкандары кетпей койду. Муну эч качан унуталбайм...


Айдай 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер