Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » COVID-19 илдетинен 115 миң медицина кызматкери каза болду

COVID-19 илдетинен 115 миң медицина кызматкери каза болду

25-май, 12:19
570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пандемия башталгандан бери дүйнө боюнча COVID-19 илдетинен 115 миң медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.  

Анын айтымында, азырынча отчёт толук чыга элек, оору менен күрөшүп жатып ажал тапкан ак халатчандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.

“Дүйнөнүн бардык жеринде адам өмүрүн сактап калыш үчүн медиктер тийешелүү жабдуулар жана медикаменттер менен камсыздалган эмес. Аларга жетиштүү эмгек акы төлөнбөйт, сыйлашпайт, ошондой эле иштөө шарты да кооптуу. Саламаттык сактоонун кызматкерлери – чыныгы баатырлар. Башкаларды коргойм деп өз жанын курмандыкка чалды” деп билдирүү жасаган Гебрейесус Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 74-сессиясында.

Аталган жыйын 24-майдан 1-июнга чейин виртуалдуу форматта өтөт. Негизги тема катары пандемияны тез арада ооздуктоо зарылчылыгы, дени сак, коопсуз жана адилеттүү коомдуу түзүү менен кийинки пандемияга даярдыкты камсыздоо каралууда.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер