Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаныбек Беккожоев: “700 киловаттка чейин 70 тыйын болуп, өзгөрүүсүз кармалууда”

Жаныбек Беккожоев: “700 киловаттка чейин 70 тыйын болуп, өзгөрүүсүз кармалууда”

24-ноябрь, 13:25
1 329 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын электр энергия сатуу кызматынын жетекчисинин орун басары менен маек.

-- Акылдуу эсептегич кандай себептерден улам автоматтуу түрдө өчүрүлөт?

-- Жаккан электр энергияны өз убагында төлөбөсө, акылдуу эсептегич автоматтуу түрдө өчүрөт. Эсеп-дүмүрчөктө канчасына чейин төлөө керек бүт жазылуу болот. Эгер маселе жаралып калса, свет өчүп калган учурда күнү-түнү дебей 1209 номуруна чалса жооп берет.

-- Алдыда кылычын алып кыш келатат. Элдер электр жарыгын көп колдоно баштайт. Анан акылдуу эсептегич кайсы бир чектен ашканда өчүрүп салып атат...

-- Бизде ар бир абонент 5 киловаттан ашык жакса, автомат электр жарыгын ажыратып салат. Анүчүн электр приборлорун канча киловатт жей турганын, ашыкчаларын колдонбош керектигин билүү кажет. Жалпак тил менен айтканда, эгер суу жылыткыч 1,5 кВт, үтүк 1,5 кВт, муздаткыч 1 кВт, үй жылыткыч 1,5 кВт – баардыгы бир мезгилде иштеп аткан үчүн автомат өчүрүлөт. Анткени баардыгы 5,5 кВт болуп кетти. Бул эми мисал катары айтылды. Ошон үчүн электр жарыгын үнөмдөйлү. Ашыкчаларын өчүрүп туралы. 

-- Коомчулукта “электр жарыгынын тарифи 500 киловаттка чейин 70 тыйын, андан ашса 2 сом 16 тыйын болот экен” деп айтып атышат. Ошол чынбы?

-- Тариф өзгөрүүсүз турат. 700 киловаттка чейин 70 тыйын, кыскарган жок. Бизге андай буюртма келген жок. Баардыгы мурункудай эле.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер