Кочкорбай Эшенкулов: “Үч-Коргон ГЭСине Исхак Раззаковдун наамы берилсе туура болмок”

Кочкорбай аксакал менен тар чөйрөдө жолугуп калдык. ФПИни (Фрунзе политехникалык институту) 1970-жылы ийгиликтүү аяктап, жаш адис катары Үч-Коргон ГЭСинде 15 жыл эмгектенген. Катардагы слесардан баштап, ПТОнун (производственно-технический отдел) башкы инженери-начальнигине чейин жеткен.
-- Кочкорбай ага, президент Садыр Нургожоевич кандай иштеп атат?
-- Бир байкаганым, Кыргызстандагы энергетика тармагына абдан көңүл бөлгөнүн кубаттоо менен карап атабыз. Далил катары Камбар-Ата–1 ГЭСин курууга старт берди. Бүгүнкү күндө бул аябай чоң бурулуш десем жаңылбайм.
-- Сиз өз учурунда Үч-Коргон ГЭСинде 15 жылдай эмгектенген экенсиз. Кыскача таржымалына токтоло кетсеңиз?
-- 1961-жылдан тарта 1975-жылга чейин эмгектендим. Ошол убакта баардык тепкичтерди басып өттүм. Катардагы слесарь, нөөмөт башчысы, инженер, ПТО башчысы, башкы инженер. Ал 1955-жылы курула баштаган. Исхак Раззаков биринчи капсуласын койгон. Ошо кезде Токтогул, Күрпсай, Үч-Коргон ГЭСтеринин долбоорун ишке ашыруу үчүн Исхак Раззаков Москванын башчыларына улам-улам кирип, акыры жолун тапкан. Кубаттуулугу 880 мегаватт. Үч-Коргон ГЭСинен өндүрүлгөн электр жарыгы жалпы чынжырчага, мындайча айтканда, Токтогул ГЭСине кошулуп, ал жерден Кыргызстандын баардык аймактарына таралат. Төрт трубинасы бар, 45 миң мегаваттан берет. Үч жылдын ичинде курулуп бүткөн. Анан алгачкы ташын койгон адам катары, азыркы өсүп келаткан жаштарды патриоттуулукка үндөө иретинде “Исхак Разаков атындагы Үч-Коргон ГЭСи” деп атап койсо (!) деген тилегим бар.
-- Тилегиңиз жакшы экен...
-- Президент Садыр Нургожоевичке ушу тилегимди сиздердин гезит аркылуу жеткирип койсоңор жакшы болот эле.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити