Акыркы кабарлар
» Экономика » Темирлан Аскеров, жарандык активист: “Тышкы карызды туура пайдаланса, эч кандай коркунуч жок”
Темирлан Аскеров, жарандык активист: “Тышкы карызды туура пайдаланса, эч кандай коркунуч жок”
08-июль, 09:32
310 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Тышкы карыз жылдагыдан көп алынганы, Кытайга карызды төлөө жогорку чекке жеткени кандай коркунуч жаратат? Тышкы карыз боюнча кандай пикириң бар?
-- Негизи тышкы карыздар дүйнөлүк практикада көп эле мамлекеттерде бар. Тышкы, ички карыз дагы алат. Анткени азыр пайызсыз гранттар, насыялар бар. Аларды албаса мамлекет көп долбоорлорду ишке ашырбай, ордунан жылбай токтоп калышы ыктымал. Мен бул жактан эч кандай коркунуч көрбөйм. Эң негизги башкы маселе – алынган карыздар туура сарпталып, туура коротулганында. Эффективдүүбү, эффективдүү эмеспи? Туура пайдаланылабы? Кеп ушунда.
Кайсы максатта, эмнеге коротуп жатат? Ар бир тыйынын санап, акчаны туура башкарса, бул маселе эмес. Келишимдер кандай шарттар менен түзүлгөнүн караш керек. Эгер келишимдер кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербесе, демек, бул келишимдерде коркунуч бар. Негизи дүйнөдө көп мамлекеттер карыз алат. Мисалы, Американын 13 трлн. карызы бар. Алардын “төлөй албайбыз. Эгемендигибизге шек келет” деген кептерин уккан эмесмин. Мурунку бийлик Кытай менен болгон карыздары боюнча туура эмес келишим түзсө, керек болсо кылмыш ишин козгоп, териштирүү зарыл. Ошол эле ЖЭБ иштерин иликтеп, жандандырыш керек. А эгерде келишим өлкө кызыкчылыгына, каржы максаттарына жооп берсе, анда маселе жок. Эң башкысы, келишим кандай шартта түзүлгөнүн, акча кайда коротуларын кароо зарыл.
Экинчи маанилүү багыты – инвестицияларды тартып келүү өлкөгө ишкерликтин шартын түзүп, жеке менчикти коргоп, кылмыштуулук менен күрөшүп, аларды түп-тамыры менен жок кылуу зарыл. Кармап коюп, кайра коё бере бербей, акырына чейин күрөшкөн оң.
Эгер ушул шарттар болсо инвесторлор келет, жеке инвестиция менен Кыргызстанга миллиарддаган долларлар агылат. Ошондо элибиз өнүгөт. Миграция да токтойт. Өлкө дагы туруктуу болот.
Бөлүшүү:

Жамиля Нурманбетова, "Азия Ньюс" гезити