“WHATSAPP” эрежесин бузсаң телефондон биротоло өчүрүлөсүң


Учурда уюлдук телефондорду колдонуп, анын ичинен “WHATSAPP” мессенджерине көз каранды болгондордун саны арбын.
Акыркы кездерде интернет тармагындагы ар кандай фейк, спам, экстремисттик, агрессиялык жаңылыктарды тараткандарды Фейсбук жана Инстаграмм тармактары күрөшүп, бирок өтөөсүнө жете албай жатышат.
Ушундай эле көйгөй менен “WHATSAPP” мессенджери күрөшүүдө.
“WHATSAPP” мессенджери өзүнүн айрым эрежелерине баш ийбеген колдонуучуларды биротоло блоктойт. Башкача айтканда, туура эмес аттагы жана өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана колдонгон группаларды дароо өчүрөт да, экинчи кайра күйгүзбөйт.
Акыркы жумада көптөгөн колдонуучулардын аккаунту блокко түшкөндүгү боюнча арыз каттар түшкөн. Блоктолгон колдонуучулар ар кандай аракеттерди колдонсо да өздөрүн блоктон чыгара албайт. Анткени алар сервистин эрежелерин бузган болуп саналат.
Учурда “WHATSAPP” мессенджери да агрессиялык, экстремисттик, спамга жана фейк жаңылыктарга карата күрөш жүргүзүп келет.