Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балдардын укугун коргоо – ар бирибиздин милдетибиз!

Балдардын укугун коргоо – ар бирибиздин милдетибиз!

28-февраль, 02:55
633 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаш өспүрүмдөрдүн дени сак жашоосун пропагандалоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, аларга карата ар кандай зордук-зомбулуктарга жол бербөө, ата-энесиз балдардын укуктарын коргоо жана алардын социалдык жактан камсыз болуусу мамлекеттин негизги саясаты болуп эсептелет. Аларды жүзөгө ашыруу прокуратура органдарынан сырткары социалдык өнүгүү, саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматындагыларга да жүктөлгөндүгү баарыбызга маалым.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүп келет.

Алсак, 2019-жылдын 12 айында аталган багытта райондук прокуратура тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарында жалпысынан 39 текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган 72 мыйзам бузуучулук боюнча прокурордук акты катары 26 сунуш, 9 талап, 1 алдын ала эскертүү келтирилип, көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 58 кызмат адамы ар кандай тартиптик чарага кириптер болушкан. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн таламдарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сот органдарына 3 доо арыз келтирилип, алар толугу менен канааттандырылган.

Томолой жетим балдардын жана ата-энелеринин камкордугунан ажыраган наристелердин мүлктүк укуктарынын сакталышын камсыз кылуу, жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна, руханий өсүп-өнүгүшүнө терс таасир тийгизген эмгектин түрлөрүнө тартууга жол бербөө, ошондой эле аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу – прокурордук көзөмөл жүргүзүүдө приоритетүү багыттарынын бири болуп саналып, мындай көрүнүштөр орун алган учурда мыйзам бузуучулуктарды четтетүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүүдө.

Мындан сырткары, мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын талап кылуу менен эле чектелип калбастан, ата-энелик укуктарын кыянаттык менен пайдаланган жана ата-энелери аракечтик же баңгилик өнөкөт илдетине кабылган учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, райондук прокуратура тарабынан ата-энелик укуктан ажыратуу туурасында доо арыздар келтирилип, баланын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу биринчи кезекте эске алынып келет.

Акыркы учурда республикабыздын аймагында жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштардын саны күндөн-күнгө өскөндүгүнө, алардын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып жаткандыгына, ошондой эле өзгөчө турмуштук оор кырдаалга учураган балдардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу, райондук прокуратура тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын жана коомдук ишмерлердин катышуусунда тегерек үстөлдөр демилгеленип, жогоруда белгиленген фактылардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын президентинин 2020-жылдын 8-январындагы ПЖ №1 сандуу жарлыгы менен 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялангандыктан, жаш өспүрүмдөрдүн таламдарын коргоо багытында мыйзамдуулукту көзөмөлдөө мындан ары да күчөтүлмөкчү.

Балдар – биздин келечегибиз, бактыбыз жана үмүтүбүз! Андыктан, өспүрүмдөргө аяр мамиле жасап, алардын ден соолугу, келечеги тууралуу камкордук көрүү ар бирибиздин милдетибиз экендигин кошумчалап кетким келет.


Нурмат Исраилов, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурору, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер