Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Бешимов: “20-сентябрда пакистандыктар өлкөбүздөн чыгып кетиши шарт”

Аскар Бешимов: “20-сентябрда пакистандыктар өлкөбүздөн чыгып кетиши шарт”

09-сентябрь, 17:24
1 573 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аскар мырза, күздөгү парламенттик шайлоого сырткы күчтөрдүн таасири канчалык деңгээлде болот деп болжойсуз?

-- Сөзсүз түрдө таасири болот. Себеби, азыр ири өлкөлөрдүн таймашуусу туу чокусуна жетип атат. Айрыкча Афганистан окуясынан кийин. Чоң державалардын бири болгон Америка мамлекети Россияга кайрылып, “качкындардын кабыл аласыңарбы?” дегенде, алар “кабыл алуу болбойт” деп кескин жооп берди. Ошон үчүн ачыктан-ачык айтыш керек, Россия, Батыш өлкөлөрү, Кытайдын биздин өрөөнгө кызыкчылыктары бар. Кандай жолдор менен, ким аркылуу, азырынча белгисиз, бирок, алар сөзсүз түрдө катышып, өздөрүнүн таасирин жоготпош үчүн жана аны ишке ашырыш үчүн болгон аракеттерин кылышат. 

-- Пакистандык жарандар бизди каптап кетти. Бул жагдай мамлекетке коркунуч жаратпайбы?

-- Бул биздин мамлекетке эч бир аброй апкелбеген көрүнүш. Кандайдыр бир мамлекеттик органдарда иштегендердин кайдыгерлигиби, же атайын кылгандыгыбы (?), бирок биздин кызыкчылыгыбызга таптакыр туура келбейт. Кошуна мамлекеттер кылбаган нерсени кылып, каяктагы “обсервация же резервация” деп транзитке айланганыбыз тууралуу коңшу өлкөлөр да нааразычылыгын айтат. Анткени, ОДКБнын ичинде коопсуздук үчүн биргеликте виза саясатын жүргүзүүдө макулдашканбыз. Ошол шартты бузуп, алакага сокку уруп аткандайбыз. Жеке пикиримде, кайсы бир чиновниктин бизнес-долбоору сыяктанып турат. 

-- Мындан 4 күн мурун буларга виза берүү токтотулду. Эми эмне болот?

-- Ооба, алар буга чейин “болгону эки жума жүрүп, анан башка өлкөгө кетебиз” дешкен. Эгер айткандары чын болсо, анда 20-сентябрда бир да пакистандык калбаш керек. Жакын арада билинет, кайсынысы чын, кайсынысы калп экени. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер