Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Акаев: “Мен 2010-жылы Кыргызстанды эң бай өлкө кылмакмын”

Аскар Акаев: “Мен 2010-жылы Кыргызстанды эң бай өлкө кылмакмын”

02-сентябрь, 20:05
1 115 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берди. Акаевдин айтымында, эгерде андан кийинки үч президент анын программасын ишке ашырганда, 2010-жылы эле Кыргызстан эң бай өлкөлөрдүн катарына кирмек.

“31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгү жөнүндөгү декларация кабыл алынган. Борбор Азия боюнча биз эң биринчилерден болуп эгемендүүлүккө ээ болгонбуз. 15 жылда биринчи жолу декларациялар, экономикалык реформалар кабыл алынган. Эл аралык уюмдар Кыргызстанды жаш, жаңы өнүгүп келе жаткан өлкө катары жылуу кабыл алды. Ар тараптан бизге жардам көрсөтүлдү. 2000-жылдары Кыргызстандын бедели бийик болчу” деди Акаев.

Ал эми журналисттин “мамлекетти башкарууда кандай катачылыктар кетти?” деген суроосуна ал “2001-жылы социалдык-экономикалык программа иштеп чыкканбыз. Ошол программа ишке ашпай калды. Эгерде менден кийин башкарган Бакиев, Отунбаева, Атамбаев ошол программанын негизинде иштегенде, биздин ресурстар өсүп, өлкө өнүкмөк” деди Аскар Акаев.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер