Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Гимнди тандоого парламент, президент да таасирин тийгизбеши керек”

“Гимнди тандоого парламент, президент да таасирин тийгизбеши керек”

17-февраль, 17:48
1 142 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гимндин жаңы текстин, музыкасын өзгөртүүдө татыктуу тандоону кабыл ала алабызбы, же "кол ийрисине тарткан" авторлорго ыкташабы?

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат:

-- Мен жаңы текстин көрө элекмин, тоодо элем. Бирок гимндин жаңы жазылышына каршымын. Азыркысы эле сонун жазылган.

Жолдош Турдубаев, серепчи:

-- 1992-жылы кабыл алынган азыркы гимнибизди жерибей эле койсок туура болмок. Сөзү да жакшы, керек болсо "өз тагдырың колуңда" деген сабы да абдан маанилүү. "Бейкуттукту берет кыргыз жерине" деген сабы бар куплетин деле кыскартпаш керек болчу. Такмаза кылып, кергиштей берсе, каалагандай текстти теңирден тескери "түшүнүп" алууга мүмкүн. "Бейпилдик" деп бир эле сөзүн алмаштырып койсо деле болмок, эгер "бейкуттукту" айрымдар кабыл алгысы келбесе.

Эми өзгөрткөнү калышыптыр, артык кылам деп тыртык кылып албасак эле болгону. Менимче, конкурстун жыйынтыгы чыкканга чейин гимндин сөзүн же музыкасын жазган авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөй турушу керек. Калыстар тобуна кимдер киргени да сыр бойдон турганы оң. Бирок, тандоого парламент да, президент да таасирин тийгизбеши керек. Эгер алар кийлигишсе, иш ойрон болот.   


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер