Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМКнын укуругу Бакыт Сыдыковго да жетеби? Убакыт келди...

УКМКнын укуругу Бакыт Сыдыковго да жетеби? Убакыт келди...

27-январь, 12:00
772 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айрым уяттуу депутаттар ачык айтышпаганы менен өз ара күңкүлдөшүп, Бакыт Сыдыковдон ичиркенип жатышканы жашыруун эмес. “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болуп отурган бул эргул убагында коррупцияга шектелсе, улам бир таасирдүү саясатчынын колтугуна кирип кетүү менен жан бакса, Бакиев режими тушунда эле Чүй облусунан ондогон гектар жерлерге ээ болсо, “Манас” эл аралык аэропортунан байыса, анан сурагы жок колго илинбей калабы? УКМК коррупционер, алдамчы, ууру-кески байларды камап, мамлекетке жеген-ичкендерин төктүрүп атса, ортодон Бакыт Сыдыков “апакай” көрүнүп, депутаттарды уялтып аткан кербези го? Мындай шартта Камчыбек Ташиевге да сөз тийип, аброюна шек келтириши мүмкүн. Андыктан Бакыт Сыдыковду “садага чапса”, эл да туура көрүп, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы тазаланууга багыт алганына ишенип, колдоого арзыйт эле. Өз короосундагы шектүүлөр жазаланса, чын эле Камчыбек Ташиевдин кадыры өсүп кетмек, туурабы?   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер