Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамир Осмонов: “Бул ыкма дүйнөдө биринчи жолу жасалып, жаңы ачылыш катары бааланды”

Дамир Осмонов: “Бул ыкма дүйнөдө биринчи жолу жасалып, жаңы ачылыш катары бааланды”

09-май, 09:00
521 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Бикард» кардиохирургиялык клиникасынын дарыгери, мыкты кардиолог жаңы ачылыш жасады. Буга чейин медицинада кооптуу делип колдонулбай келген ыкма аркылуу бейтапты сактап калган бул операция дүйнө жүзүндө биринчи жолу жасалды. Уникалдуу ыкманын автору, кардиолог Дамир Осмонов окуя тууралуу өз пикирин билдирди. 

-- Кооптуу, бирок бейтаптын өмүрүн сактап, дүйнөлүк ачылыш жасаган бул операция тууралуу өз оозуңуздан уксак?

-- Бейтап өткөн жылы 66 жаш курагында дем алуусу оорлошуп, демигип калганын айтып кайрылды. Өзү 2010-жылдары операция жасатып, аортальный клапанын алмаштырыптыр. Негизи өзүн жакшы эле карап жүргөн экен. Аортальный клапан алмашылгандан кийин кан суюлта турган дары ичилет. Кээде башка дарыларды ичкенге жана тамактануу режимине байланыштуу дозасы жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Мындай учурда алмашылган клапан темир болгон үчүн тромб уюп калат. Биз эхокардиографияга салып көрсөк, аортальный клапандын үстүндө 2 см тромб бар экен. Клапандын капкакчаларынын ачылышына тоскоол болуп, кан жакшы айлана албай, ошого демигип жатыптыр. 

Негизи клапанда чоң тромб пайда болгондо, операцияга жөнөтөбүз. Бирок бейтаптын салмагы оор, жүрөгү алсыз болгондуктан хирургдар операциядан баш тартышты. Кан суюлткан тромболитикалык терапия деген ыкманы колдонуп көрүүнү чечтик. Албетте, бул ыкма буга чейин деле колдонулуп келген, бирок чоң тромбдо коркунучу бар. Кокус тромб үзүлүп кетип, кан аркылуу мээге жетсе, бейтап инсультка чалдыгышы мүмкүн. Америка 0,8 мм көлөмдөн, Европа 10 мм көлөмдөн жогору болгон учурда операцияга жөнөтөт. Бейтаптын операция үчүн коркунуч жараткан тоболкелдиги өтө жогору болгондугуна байланыштуу операция жасалган жок. Анан ар кандай жолдорду ойлонуп, тобокелге салууну чечтик. Акыры тромбду эриткенден башка жолубуз жок эле. Ыкманын эң негизги маңызы күчтүү кан суюлтуучу дарыны (тромболитикалык терапия) берип жатканда мээге кеткен эки чоң кан тамырга чыпка (фильтр) коюу болду. Андан кийин эки саат тромболитикалык терапия бердик. Токсон мүнөттөн кийин клапан иштей баштаганын көрдүк. Эки сааттан кийин клапан иштеген себептүү бейтаптын абалы жеңилдегенин байкадык. Эхокардиографияга салсак, клапан нормалдуу иштеп калыптыр. Андан кийин чыпканы чыгардык. Карасак, мээнин сол жарым шарынын тамырына коюлган чыпкада тромб бар экен. Тосулуп калгандыктан ал мээге жетпептир. Эгер чыпка жок болгондо, клапан иштегени менен тромб мээге куюлуп кетип, бейтап инсульт алып калат эле.

Мээге кеткен кан тамырга чыпка (фильтр) коюу да жасалып келген ыкма, мисалы, стент коёрдон мурда колдонобуз. Бирок кан суюлтуу убагында чыпка коюу дүйнөдө биринчи жолу болуп жаткандыктан, жаңы ачылыш катары бааланды. Негизи кан суюлтуу убагында кандайдыр бир операция же ыкмаларды колдонуу – “бейтап канап кетпесин” деп жасала бербейт, себеби кан өтө суюк болот. Бул ыкманы сегиз калыс карап чыгып, «Европа кардиологдору» журналына (European Heart Journal) «Дүйнөлүк жаңы ачылыш: Уюган канды эритүүдө чыпканы колдонуу ыкмасы» деген ат менен макала жарыяланды. 

-- Учурдагы бейтаптын абалына токтолсоңуз?

-- Учурда бейтаптын абалы жакшы. Демикпей калды, клапандары жакшы иштеп жатат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер