Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Японияда жалгыздык министрлиги пайда болду

Японияда жалгыздык министрлиги пайда болду

12-февраль, 14:54
1 431 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Японияда жалгыздыктан жабыркап, өзүн-өзү өлтүрүү фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу, жалгыздык министринин кызматы пайда болду. Премьер-министр Ёсихиде Суга социалдык өнүгүү министри Тетсуши Сакамотону бир эле мезгилде жалгыздык министри кылып дайындады. Бул тууралуу жергиликтүү Sankei порталына шилтеме берүү менен “Барометр” жазып чыкты.

Сакамотонун айтымында, премьер-министр мындай чечимди суициддердин көбөйүшүнө жана башка көйгөйлөргө байланыштуу кабыл алган.

"Бул дайындоонун максаты жөнүндө айта турган болсок, биз төрөлүүнүн төмөн деңгээли менен коомдун картайышынан улам келип чыккан социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында кабыл алынды. Ошондой эле, биринчи кезекте аялдар менен жаштардын суицид көйгөйү көбөйгөн" - деди Самакато.

Адистердин айтымында, пандемия учурунда жумуштун жоктугу, балдарга жана үйгө кам көрүү түйшүгү стресстин деңгээлин жогорулаткан.

Буга чейин, Жапон бийлиги өткөн жылдын апрель айында өлкөдө өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн саны чоңдор арасында 2019-жылдын апрелине салыштырмалуу 20 пайызга азайганын айткан. Бул акыркы беш жылдагы эң олуттуу көрсөткүч экендиги белгиленди.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер