Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чүй ОИИБ начальниги Дамирбек Исаков баңгизатка байланыштуу кызматынан алынабы?

Чүй ОИИБ начальниги Дамирбек Исаков баңгизатка байланыштуу кызматынан алынабы?

10-февраль, 19:50
1 165 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурун Чүй ОИИБнин төрт кызматкери баңгизатка байланыштуу айыпталышып, ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кармалышканы кабарланды. 1,3 кг мефедрон химиялык уу затын сатууга шугулданышканбы? Бул өтө оор кылмышка кирет. Учурда тергөө амалдары жүрүп атса керек... 

Таңгалычтуусу, кызматкерлерди жумушка алууда дыкат текшерүүдөн, талдоодон өткөрүшпөйбү? Буга чейин да Чүй ОИИБнин алты кызматкери баңгизаттын айынан колго түшкөнү, УКМК тарабынан камакка алынышканы белгилүү. Өздөрү ыплас иштерге кириптер болуп жатышса, анан кайдагы тазалыкты оозанышат? Бир жыл аралыгында өтө оор баңгилик кылмышы менен аталган башкармалыктын он кызматкери камалууда. ИИМдин тарыхында мындай болгон эмес. Жыйынтыгында, Чүй ОИИБ начальниги Дамирбек Исаков токтоосуз түрдө кызматынан кетиши керек. “Балык башынан сасыйт” деп бекер айтылбайт. Жетекчи үлгү көрсөтө албаса, шалаакылыкка батса, кол астындагылары билгенин кылышканы ушулбу? Жалпы милицияга көө сыйпап, жаман көрсөтүүнүн чегине жетишти. Кыскасы, Дамирбек Исаков кетпесе, абал чатак! Чечкиндүү чечим чыгабы? Мыйзам, моралдык баалуулуктар тебеленбеши керек да. Эрксизден баш чайкайсың...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер