Акыркы кабарлар
» Коом » Долон ашуусунда автоунаа ала салып, айдоочу каза болду
Долон ашуусунда автоунаа ала салып, айдоочу каза болду
28-июль, 13:49
595 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда жүк ташып бара жаткан унаа кырсыкка учурап, айдоочу каза болду. Маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдеги ЖКККБ тастыктады.
Маалым болгондой, жол кырсыгы 26-июлда түнкү саат 22:30 чамасында аталган унаа жолдун 293-чакырымында катталган. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Долон ашуусунан түшүп бара жатканда жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен унаа төмөнкү жолго кулаган.
«Унаанын ичинде айдоочу жалгыз болгон. Белгисиз себептер менен жол четиндеги тосмону сүзүп, ала салып кеткен. Унаа болжол менен 25-30 метр бийиктен кулаган. Айдоочуну ооруканага жеткирип бара жатканда каза болду» деп билдиришти аталган түзүмдөн. Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, айдоочу 1972-жылы туулган Ат-Башы районунун тургуну болчу.