Жергиликтүү бийлик эскиче иштөөнү улантууда, өз элин урматтабайт
17-мартта Талас облусунун тургундары Жерүй алтын кени жайгашкан жолдун бурулушуна чогулушту. Алар президент менен жолугууну талап кылышты. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү митингчилерден да көп милиция жана күч кызматкерлерин топтоп, нааразычылыгын билдиргендерди таратууга аракет жасашты. Алтургай митингчилерди ошол жердеги жылуу имаратка киргизишкен да жок, көчөдө, суукта сүйлөшүштү.
Элдин жөнөкөй гана суроолору бар болчу: биринчиси – экология кандай болот? Экинчиси – Кыргызстан үчүн алтындын канча үлүшү каралат? Үчүнчүсү – алар кен чыгаруу ишканасына жергиликтүү жаштарды тартууну суранышмак, анткени жумуш жоктугунан айылдардан жаштар кете башташты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “президент митингчилерге келбейт жана сүйлөшүүгө барбайт” деп так кесе айтышканы менен президент келип, эл менен жыйырма мүнөт сүйлөштү. Андан кийин митингчилер тарап кетишти. Эч кандай татаалдыктар же жергиликтүү бийлик өкүлдөрү корккудай ыңгайсыз суроолор болгон жок. Жергиликтүү аткаминерлер президентке кызмат көрсөтүүгө умтулушту, элдин кызыкчылыгын ойлошподу. А чынында алар мындай аракети менен эл арасында президент жана анын саясаты тууралуу терс пикирлердин жаралышына өбөлгө болушат.
Өтмөк ашуусунда үч жума бир грейдер гана иштеп, көпчүлүк аймагында бир тараптуу гана кыймыл болуп жатты. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр кезекте тоңуп турушту, бирок президент келерге жакын ал жакка беш грейдерди алып барып, жолду тазалап, туз себишти. Муну президент келбеген учурда деле карапайым эл үчүн жасашса болбойт беле? Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларынан күн сайын жарандарыбыз жол жүрүп, миңдеген тонна жүк ташышат эмеспи.
Эл жергиликтүү бийликке ишенбейт, анткени дайыма алдашат же кайсы бир маселени чечүүдө ыйгарым укуктары жетишпей тургандыгын айтышат. Ошондуктан, эл президент менен жолугууну талап кылууга аргасыз. Болбосо, тургундар президентке айткан маселелерди чындаса жергиликтүү бийлик деле Жерүй заводун иштеткен инвесторлор менен сүйлөшүп эле чечип койсо болмок.
22-мартта дагы Өтмөк ашуусунан жол жүрүүгө туура келди. Баягы эле эски көрүнүш. Президент келе жаткандагы ыкчамдык кайда? Биздин аткаминерлер бийликке эле кошомат кылганды билишет, а эл үчүн иштөөнү качан үйрөнүшөт?
Бакыт Бакетаев, саясат таануучу
"Азия Ньюс" гезити