“Телефонумду сатып, апабыз үчүн дарыларды алдым”

Сулайман ажы кезектеги кызыктуу икаясын сунуштады:
“Телефонун алып, досуна чалды:
-- Апамдын табы жок! Менде дарыларга акча жок, - деди.
Досу:
-- Болду, дос, кабатыр болбо. Аср намазынан кийин чал, бир чарасын табабыз! - деди.
Кечирээк ал досу менен байланышууга аракет кылды. Телефону өчүрүлгөн эле. Ал улам-улам номерди терди. Телефон өчүк болду...
Кимден болсо да акча таап келүү үчүн көчөгө чыгып кетти. Тилекке каршы, эч ким ага карыз бербеди. Дүйнө көзүнө тар көрүнүп кетти. Апасына жардам бере албаганына капа болду. Андан да жаманы – досунун уят кылганы жаман таасир кылды. Үйүнө эки колу бош, куру кайтты. Караса, апасы тынч уктап жатыптыр. Анын жанында сумкада дарылар турган эле. Барып карындашынан сурады:
-- Буларды ким алып келди?
-- Досуңуз келип, дарылардын тизмесин алып, бардык дары-дармектерди алып келип берди. Ал жаңы эле кетти, - деди.
Көздөрү жашка толуп күлүмсүрөдү. Ал дароо сыртка чыкты. Досун издеп эки жагын карады.
-- Дос, мен сага кечке чалдым! Телефонуң өчүк... - деди.
-- Мен телефонумду сатып, апабыз үчүн дарыларды сатып алдым, - деди досу”.