Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адистер ысык чай рак ооруусун пайда кыларын эскертти

Адистер ысык чай рак ооруусун пайда кыларын эскертти

06-апрель, 12:06
1 063 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адистер бир нече жыл бою 500 миң кишиге байкоо жүргүзүп көрүп, жыйынтыгында 65 градустан ашкан чайды көп ичүү кызыл өңгөч рагына кабылуу тобокелчилигин жогорулатат деген тыянак чыгарышкан.

Гастроэнтерология тармагындагы профессор Ведат Герал онкологиялык оору дүйнөдө өлүмгө жеткирген себептердин бири экенин баса белгилеген.

«Жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, Түркиянын чыгышында, Кытайда, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанда ысык чай ичкендер басымдуулук кылат. Мындан улам кызыл өңгөч рагына чалдыккандар бул өлкөлөрдө көп катталат» деди ал.

Эгер адам ичкилик ичип, чылым чексе, оорунун өрчүп кетүү тобокелчилиги мындан да жогору болот.

«Чылым чеккен адам ысык чайды көп ичсе, рактын өрчүп кетүү ыктымалдуулугу эки эсеге жогорулайт. Эгер ичимдик ичсе, анда беш эсе өсөт» дейт профессор.

Профессор чайды бир аз муздаганга чейин 3-4 мүнөт күтүп турууну сунуштап, күнүнө 3-4 чөйчөктөн ашык чай ичпеш керектигин эскерткен. Буга чейин эксперттер ашказанында жарасы барлар менен он эки эли ичегиси ооругандар чайдан таптакыр эле баш тартышы керектигин эскертишкен.

Булак: AibekNur.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер