Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Соодагерлер ККМге каршы кайрадан нааразылык акцияга чыгышты

Соодагерлер ККМге каршы кайрадан нааразылык акцияга чыгышты

13-июнь, 11:51
367 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт үйүнүн имаратынын алдында 13-июнда 200дөн ашык соодагер көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы кайрадан нааразылык акцияга чыкты. Алар ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюп жатышат. Митингдин катышуучулары министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып алардын суроолорун жооп беришин суранышууда.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт. Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер