Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Дыйкандар Кайыңды, Кошой заводдоруна нааразы”

Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Дыйкандар Кайыңды, Кошой заводдоруна нааразы”

22-октябрь, 17:00
481 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аманкан Батырбекович, учурдагы кызылчачылардын көйгөйү жөнүндө айттыңыз. Маселе эмнеде экен?

-- Бүгүн биздин кызылча өндүрүүчүлөрдөн Кайыңды жана Кошой заводу боюнча көп кайрылуулар, нааразычылыктар келип түшүүдө. Кызылчанын кирдиги (грязность) боюнча маселе болуп жатыптыр. Былтыр өткөргөндөр 4-6 пайыз менен өткөрсө, быйыл 10-12 пайызга чейин чыгарып коюшуптур. Дыйкан чарбалары быйыл кызылчаны чоң кыйынчылык менен өндүрүштү, суу маселеси болду. Түшүмдүүлүк да быйыл азыраак. Заводдор болсо кирдүүлүктү көбөйтүп, дыйкандарды огобетер чыгымга батырууда. Ошон үчүн мен комиссия түзүп, маселени жеринен барып текшерүүнү сунуштадым. Лабораториялар кирдүүлүктү туура коюп берүүгө тийиш. 

-- Быйыл кызылча былтыркыга караганда көбүрөөк айдалды окшойт?

-- Былтыр Чүй облусу боюнча 8,5 миң гектарга айдалган. Быйыл 13,5 миң гектарга чейин көбөйдү. Бирок, суу таңкыстыгына байланыштуу түшүм бир аз начар болду. Ошон үчүн дыйкандын эмгегин жебей, кирдүүлүгүн туура талдап, адилеттүү кабыл алса деген ойду айтып жатабыз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер