Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Бийлик демократияга, адам укуктарына коркунуч жаратууда”

Турсунбек Акун: “Бийлик демократияга, адам укуктарына коркунуч жаратууда”

12-декабрь, 20:20
927 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек мырза, 1948-жылы кабыл алынган адам укуктары декларациясынын 75 жылдыгына, Австриянын Вена шаарындагы бүткүл дүйнөлүк адам укуктарынын конференциясынын 30 жылдыгына карата иш-чара өткөрүп жатыпсыздар. Учкай айтып өтсөңүз?..

-Адам укуктарынын жалпы декларациясы 1948-жылы 10-декабрда Нью-Йоркто кабыл алынган. Тагыраагы, БУУнун көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушу менен декларация жактырылган. Аны иштеп чыгуу боюнча 1947-жылы жумушчу топ түзүлүп, Американын президенти Рузвельттин жубайы Элеонора Рузвельт башчылык кылган. 30 беренеден турган дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталышы, абалы тууралуу жазылган мыйзамдар чоң документ болуп эсептелген. Аталган декларацияны дүйнө жүзүндөгү 200дөй мамлекет парламентинен ратификация кылып, президенттеринин чечимдери менен бекитишкен. Декларациянын талаптары баардык мамлекеттерде аткаруу милдеттендирилген. Ал негизинен адамдардын иштөөсүнө, билим алуусуна жана дарыланууга, эс алууга, ошондой эле өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга байланышкан укуктар менен камсыздандырылган.

1993-жылы 200гө жакын мамлекет Австриянын Вена шаарында 11 күнгө созулган адам укуктарын сактоого багытталган дүйнөлүк масштабдагы чоң конференция өткөрүлүп, Вена декларациясы кабыл алынган. Ал конференциянын болгонуна да туура 30 жыл болду. Мына ушул адам укугун коргоого багытталган даталуу декларациялардын урматына бийлик өкүлдөрүнөн баштап Кыргызстандагы укук коргоочулар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, активисттердин башын бириктирип, 8-декабрда адам укугу боюнча чоң форум өткөрүп, талкуу уюштурууну ниет кылып жатабыз. 

-- Укук коргоочу катары Борбор Азия жана Кыргызстандагы адам укуктарына саресеп салып, жогоруда сөз болгон декларациялардын талаптары канчалык деңгээлде аткарылганы боюнча айтып бериңизчи?

-Борбор Азия мамлекеттеринде 30 жылдан бери адам укуктарын коргоп келе жатам. Бул аймакта Кыргызстандан башкасында адам укуктарынын абалы оор болгон. Мисалы, Каримов-Назарбаев, Рахмон-Бердимухамедов башкарган мамлекеттерде адам укуктарын коргоо декларациясынын талаптары аткарылган эмес. Аталган мамлекеттерде саясый куугунтук күч алып, укук коргоочулары, оппозиционерлери чет мамлекеттен башпаанек сурап жашоого аргасыз болгон. Маселен, өзбекстандык Абдуманноб Пулатов Америкада, Мадамин Нарзикулов Россияда жашап каза болушту. Өзбекстанда тоонун бооруна атайын түрмө куруп, саясатчыларды сындыруу үчүн колдонушту. Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстанда дагы ушундай жагдайлар орун алды. Диктатура өкүм сүргөн мамлекеттерде журналисттердин 70-80 пайызы чет мамлекетке качышты. Канчалаган адамдар саясый чечим менен атылып кетти. Кыскасы, Каримов, Назарбаев, Рахмон, Бердимухамедовдун режимдери аябагандай оор болду. Борбор Азиядагы адам укугун коргоо конгрессинин башчысы болгонум үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстанга барып, ал жактагы укук коргоочулардын абалы менен таанышып, куугунтукка алынып, камалгандардын таламын талашууга туура келди. Ошол мезгилде бир топ укук коргоочулардын үйүнө чейин баргам. Россиялык укук коргоочу Виталий Пономарев экөөбүз Өзбекстанда 8 саат сурак берип, өлкөдөн чыгарылганбыз. Тажикстандан куулуп чыктым. Айтор, Казакстан, Өзбекстандын президенттери алмашкандан кийин баштагыга салыштырмалуу саясый туткундар бошотулуп, аз болсо да сөз эркиндиги орун алып, адам укугу корголо баштады.


1991-жылы көп мамлекеттен укук коргоочулар, саясатчылар Кыргызстанга демократиялык конгресске келишти. Ошондо Мамдумадан келген депутат “Кыргызстан демократиянын аралчасы турбайбы, эркин сүйлөөгө болот экен” деген оюн айткан. Чынын айтыш керек, Акаев жаңы президент болуп шайланганда диктатурага берилбей, билимдүү экенин көрсөтүп, адам укуктары боюнча декларациялардын талаптарын аткарды. 1993-1994-жылга чейин демократиялык жолдон тайбай жакшы иштеди. Ал мезгилде кызы, аялы, баласы кийлигишпеди. Сөз эркиндиги сакталып, саясый партиялар түзүлүп, көз каранды эмес массалык маалымат каражаттары уюшулду. Тынч жыйындарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Европарламенттен, БУУдан келгендер Кыргызстанда адам укугу корголуп, демократия бар экенин баса белгилешти. Акыйкатчы институту түзүлүп, ал мезгилде шайлоолор да эркин болуп, баардык маселеде ачык талкуу болчу. Кыргызстандагы абал кошуналардан кескин айырмаланчу. Менин жаштыгым демократияны өнүктүрүү, адам укугун коргоо менен өттү. Кыргызстанда канчалаган шайлоолор өтүп, эки палаталуу парламент болду. Шайлоодо оппозиция жеңип келген учурларды эске алалы. Кыскасы, кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу жакшы эле өрнөк көрсөттүк

-- “Шайлоолор эркин өтчү” дегениңиз менен Кыргызстанда деле буюртма киши өлтүрүүлөр, саясый куугунтуктар орун алды го? 

-- Бакиевдин учурунда саясый куугунтук күчөдү. Саясый буюртма менен өлтүрүүлөр орун алды. Медет Садыркуловду өлтүрүп, өрттөп жибергенге чейин барышты. Мына ушундай окуялардын кесепетинен Курманбек Бакиев жана анын бир туугандары өмүр бою сыртынан кесилди. Акаев дагы туура эмес иштеринин айынан Кыргызстанга 16 жыл келе албай жүрдү. Аксы окуясындагы 7 кишинин өлүмүнө себепкер болду. Атамбаев убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Текебаевди жана Асановду камады. Отунбаеваны жаманатты кылганга аракет кылып кодулады. Бирок, биздин президенттер Орто Азиядагы президенттер жасаган диктатордук режимге бара алышкан жок. Анткени, аларга кыргыз эли жол берген эмес. 

-- Азыркы бийлик адам укугун коргоо, демократияны сактоодо сиз айткан талаптарды эске алып жатабы?

-2020-жылы элдик революциянын аркасы менен бийликке келип, 2021-жылы расмий президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаров башында демократиянын талаптарын аткарып, адам укугун коргоо мыйзамдарына каршы иш кылган эмес. Азыркы бийлик 2022-жылдан баштап бүгүнкү биз белгилеп жаткан декларациялардын талаптарына каршы иш кыла баштады. Демократияга бир топ коркунуч жаратып, эркин массалык маалымат каражаттарына каршы кылмыш иштердин козголушуна жол берди. Өз позициясынан кайтпаган айрым журналисттерди граждандык укугунан ажыратып, Кыргызстандан күч менен чыгарган окуялар орун алды. Аны менен катар депутаттарга каршы катуу кысым башталды. Эң опурталдуусу 2022-жылы 30га чукул саясатчы, коомдук ишмер, укук коргоочуларды жашы 70ке таяп калганына карабай камады. Айрымдарынын баш коргоо чарасы өзгөрүлгөнү менен 11 адам азыр да камактан чыга элек. Мына ушул нерсе асмандан күн күркүрөгөндөй болуп, Кыргызстандагы адам укугуна терс таасирин тийгизди. Азыркы бийлик бир топ жакшы иштерди жасаганына карабай, адам укугун коргоо жаатында бир топ калпыстыктарга жол берди.

Массалык камоолордун айынан 75 жылдыгын белгилеп жаткан декларациянын 12 беренеси, Вена декларациясынын жана Кыргызстандын жаңы кабыл алынган Конституциянын алты беренеси одоно түрдө бузулду. Тагыраагы, 2022-жылдан бери биз дагы Борбор Азиядагы авторитардык, диктатордук мамлекеттерге чукулдап калдык. Бул жакшы жышаан эмес. Оппозициянын лидерин камап, депутаттарды куугунтуктап, кээ бир депутаттарды мандатынан ажыратып, блогерлерди камап, абийир таппайбыз. Ошон үчүн аларды эркиндикке чыгаруунун жолдорун издешибиз керек.

-Мен билгени эки жылдан бери жыйын эле өткөрүп келе жатасыз. Жыйындан реалдуу жыйынтык чыктыбы?

-Туура, 6-7 иш-чара өткөрдүк. Адам укугун, сөз эркиндигин коргоо, консолидация, диалогго чакыруу максатында чоң улуттук жыйындарды өткөрдүк. Ошол жыйындардын баарына бийликтин, прокуратуранын, соттун, акыйкатчынын жана укук коргоо органдарын, УКМКнын өкүлдөрүн чакырып, талкууларды уюштурдук. Акүйдөн башында келбей жүрүштү. Анан акыркы төрт жыйынга жогорку даражадагы адамдар келип катыша башташты. Маселени көчөдө чечпей, талаш-тартыштын баары имараттын ичинде болсун, бийлик менен коомчулуктун ортосунда данакерлик кылалы” деп болгон аракетти жумшадык.

8-декабрда өтө турган жыйынга адам укуктарын коргоо боюнча Борбор Азиядагы түзүлгөн укук коргоо конгрессинин да 30 жылдыгы болот. Аны да кошуп, үч датаны бириктирип, чоң жыйын кылып жатабыз. 

-- Баса, БУУнун трибунасында бир кезде сүйлөгөн кыргыз жигити – Турсунбек Акун адам укуктарын коргоого кандай салым кошту экен?

-1993-жылы БУУнун алкагында өткөн Венадагы конференцияга Борбор Азиядан жалгыз мен катышкам. 200гө чукул мамлекеттердин президенттери, укук коргоочулары келишкенБУУнун дүйнөлүк конференциясы бүтөрүнө 25 мүнөт калганда сөз сүйлөп, БУУну катуу сындап салдым. Ошондо конференциянын көпчүлүк делегаттары мени колдоп, колдорун чаап турушту. Ал эми мен сүйлөп бүткөндөн кийин 66 мамлекеттин өкүлдөрү ордуларынан туруп, мага кол беришип, кызуу кубаттоого алышканы мен үчүн күтүүсүз болду. Анткени ошол кездеги Андижан, Ош окуясындагы согуштарга токтолуп, БУУ жана дүйнөлүк форумдун катышуучулары Борбор Азия регионуна көңүл бөлбөй келгендигин катуу сындап айткан элем. БУУ бюрократиялык мамлекет болуп калгандыгын белгилегем.

Өмүрүмдү адам укугун коргоо, демократияны өркүндөтүүгө арнадым. Бирде ийгиликке жетсем, бирде катачылыкка жол бердим. Айтор, кандай кызмат кылганыма мен эмес, эл баа берсин. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер