Жыпара Ашакеева: “Эхинококкоз дарты барган сайын күч алууда”

Кыргызстанда эхинококкоз оорусун жуктургандардын саны өстү. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалымдап чыкты. 2021-жылы 800дөн ашык учур катталса, 2022-жылы бул оору 900дөн ашык адамдан аныкталган. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүн Бишкек жана Ош шаарларында жашагандар түзөт. Себеби эки шаарда тең ички миграция күч алган. Андыктан, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакееваны кепке тарттык.
-- Акыркы убакта эхинококкоздун ракка тете түрлөрү менен ооруган бейтаптар катталып жатканы айтылууда...
-- Эхинококкоз – боордо, өпкөдө жана башка органда мителик кылуучу эхинококк личинкасы пайда кылган оору. Бул мите курт ооруларына кирет. Ал адамга көбүнчө үй жаныбарларынан жугат. Эхинококкоз менен ооруган адамдын боорунда, өпкөсүндө, мээсинде ыйлаакча пайда болот. Оорунун жалпы белгилерине алсыздык, баш оору, шишик, ички жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү кирет. Акыркы убакта адамдар бул оорунун эң оор түрү – альвеококкоз менен ооруп жатышат. Ал рак оорусу менен барабар.Эхинококкоздон хирургиялык операция жолу менен гана сакайтса болот.
"Азия Ньюс" гезити