Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артем Новиковдун ордуна Темирбек Асанбеков барса куп жарашат!

Артем Новиковдун ордуна Темирбек Асанбеков барса куп жарашат!

25-январь, 02:15
3 409 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровго шайлоонун эртеси эле “биз оппозициядабыз” деген Текебаев, Отунбаева, Кулов дагы бир жыландын башын чыгарышып, “президенттик ишке ант берүү аземинен мурун премьер-министрлик ордун өткөзүп берсин, парламенттеги көпчүлүктү түзгөн коалиция жаңы премьер-министрди шайлашы керек, андай кылбаса, Садыр Жапаров мыйзамсыз такка отурат” деп күн мурунтан айгай салып киришти. 

Урматтуу окурманым, өзүңөр деле ой жүгүртүп көрсөңүздөр, алдыда жаңы Башмыйзамды кабыл алуу маселеси турат. Куйрук улаш парламентке шайлоо, андан кийин барып өкмөт структурасы менен мүчөлөрүн бекитиш керек. Мына ошондон кийин жасалчу жумуштарды “азыр премьер-министрди жана анын мүчөлөрүн шайлай коёлу” деп парламенттеги көпчүлүктү түзгөн коалиция жана анын лидери Иса Өмүркулов шашып, “премьерликке Артем Новиковду көргөзөт элем” деп чыкты. Эске салсак, бир аз мурда “премьерликке тажрыйбасы аз, кесипкөй эмес, эл ишенимине татыбаган үйрөнчүк кадрлардын караманча кереги жок” деп сындагандар чыккан. Бийликтегилер Новиковду апендинин кызындай мактап, таламын талашып калганы таңгалдырат. Акүйдөгүлөрдүн критерийи боюнча талдасак, ал орустар менен бизге көпүрө болуп, жардамдарды өлкөбүздү көздөй суудай агызат имиш. Эми ушундай кантип болсун? Дагы бир айта кетчү жагдай, “Новиковду колдойбуз” деген фейк аккаунттардын соцтармактарга жазган баракчалары башка, а жалпы элдин тилеп турганы бөлөк. Кыргызда айтылгандай “өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт” дегендей болуп турабыз. 

Эгемендик алгандан бери эң жогорку бийлик башына канчалаган орус улутундагыларды алып келип койдук, анан эмне кылышты? Өлкөнү бир ойлоп коюшпай, тескери чечимдерди чыгарышып, капчыктарын толтурушуп, “эми силер эмне кылсаңар ошо кылгыла” дешип, Москваны көздөй баса беришкен. Буга мисал катары Танаев менен Силаевди айтсак жетиштүү. А орто звенодогуларын айтпай ак коёлу. Артем Новиков тигил жакка бир, бул жакка бир барып, “андай иштегиле, мындай иштегиле” деп койсо эле баары шайма-шай болуп калбайт да. “Өзүнүн кесиби боюнча бир чөйрөдө ачылыш, же реформа кылганын көрбөптүрмүн, укпаптырмын дагы. Экономика-финансы тармагында аты-жыты жок” деп Айылчы Сарыбаев деле так мүнөздөмө берип жатпайбы! Эң негизгиси, жаңы Башмыйзам кабыл алганча Артем Новиков убактылуу иштеп турганы дурус. Ансыз деле убактылуу өкмөт башчы милдетин аткарып жатпайбы. Жаңы Башмыйзам кабыл алынса, парламентке депутаттар шайланып келгенден кийин өкмөт башчылык кызматты кабыл алынган жаңы Башмыйзам боюнча бир эле учурда президент өзү аткарат. Мүмкүн, президенттин атынан өкмөттөгү баардык ишти өкмөттүн биринчи орун басары же өкмөттүн аппаратынын жетекчиси (министрдин рангында калып) орун басарлык ишти алып бараар. Ошондуктан бул жерде май-июнга чейин “премьерди шайлай коёлу” деген туура эмес. 

Жогорудагы баардык иш-чаралар бүткөндөн кийин өкмөттүн структурасы менен кошо кадрларды алып келгенде, эл күтүп жаткан люстрация мыйзамын алгычакты табигый тазалануу кылып, президентибиз мамлекеттик жаңы жүздөрдү алып келсе дейбиз. Антпей эле баягы колунан кокон иш келбеген кадрларга күнү түшүп калса, анда биз эзели жыргабайбыз. Себеби, жаңы кадрлардан уучубуз куру эмес. Ушул тапта Садыр Жапаровду тегеректеп, “премьер-министр кылып кимди коёт экен?” деп баягы эскилердин түн уйкусу бузулуп турган чактары. Биз жаңы бийлик менен коррупциясыз коом түзөлү десек, анда түндүк-түштүк маселесин такыр унутушубуз керек. Ким кайсы жактан экени маанилүү эмес, а маанилүүсү, биринчи кезекте өз элинин патриоту, ошол эле учурда билимдүү, кесипкөй, тажрыйбалуу адис болушу абзел. Президентибиз Садыр Жапаров экономиканы алдыга жылдырып, өлкөнү саздан сууруп чыгууну ойлосо, камчыга сап боло турган адистин бирөө Темирбек Асанбековду өкмөткө өзүнөн кийинки маселе чечүүчү адам кылып алса уттурбайт эле. Темирбек Асанбековдун экономика, социалдык, ички жана тышкы маселелерди өлкөнүн кызыкчылыгына туура келгендей кылып чечип туруу керектиги боюнча өзүнүн программасында да камтылган. Ажо Садыр Жапаровго колуна кол, бутуна бут болуп иштеп берет (!) деген элдин ишеними чоң.


Болуш Султанов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер