Мариям Эдилова: «Ала-Тоо» эл аралык университети билим берүү жана илим боюнча алдыда”
ЭААУнун профессору, философия илиминин доктору, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Мариям эжебиз менен аталган окуу жай тууралуу маектештик.
-- Мариям Миталиповна, бул университет качан негизделди эле? Сиз кайсы убактан бери иштейсиз?
-- “Ала-Тоо” эл аралык университети 1998-жылы неизделген. Мен бул окуу жайда алгач философия, социология боюнча профессор, 2006-жылдан эл аралык мамилелер факультетинин деканы, 2008-2015-жылдары илимий иштер боюнча проректор болдум. 2016-жылдан бери мамлекеттик дисциплиналарды окутуу боюнча факультет аралык кафедранын профессору статусунда иштеп келатам.
-- Сиз бул окуу жайга чейин К.И.Скрябин атындагы айыл чарба университетинде, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде иштеген экенсиз. Бул университеттер менен “Ала-Тоо” эл аралык университеттин айырмасы эмнеде?
-- Совет мезгилинде негизинен мамлекеттик окуу жайлар пландуу экономика менен иштеп, атаандаштык жокко эсе эле. Баарыбызга маалым болгондой, СССР ыдырап, ар бир республика өз алдынча болгондон кийин жеке окуу жайлар негизделип, алардын артыкчылыктарын байкай баштадык. Бир катар изилдөөлөр жана байкоолор көрсөткөндөй, жеке окуу жайларда акы төлөп билим алгандыктан, ата-энелер да, студенттер да сапаттуу, заманбап изденүүгө аракеттенишет, о.э. окуу жайдан, окутуучулардан талап кыла алышат. Анан глобалдашуу учурунда жаштар мобилдүү болуп, бир нече тил билгенге аракеттенишет. Анткени алган билими жана көндүмү менен жер шарынын ар кайсы мамлекеттеринде иштеп кете алышат.
-- Жакында билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдор боюнча жүргүзгөн улуттук изилдөөдө сиздердин эл аралык "Ала-Тоо" университети Кыргыз Републикасындагы ЖОЖдордун улуттук рейтингинде экинчи орунду ээлептир.
-- Ооба, туура айтасыз, биз аябай кубанып жатабыз!
-- Мында ЖОЖдор кандай негизинде бааланыптыр?
-- Баалоо төмөндөгүдөй 6 критерий негизинде болуптур:
● академиялык репутация;
● иш берүүчүлөрдүн баалоосу;
● сабак өтүүнүн сапаты;
● илимий цитата келтирүү индекси;
● чет элдик мугалимдердин катышы;
● чет элдик студенттердин катышы.
Натыйжада рейтингдин алдынкы ондугун ээлегендер:
1) Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (461,56 балл).
2) Эл аралык "Ала-Тоо" университети (453,58 балл).
3) Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (436,74 балл).
4) Ош мамлекеттик университети (415,84 балл).
5) Кыргыз-Орус Славян университети (412,74 балл).
6) Жусуп Баласагын атындагы улуттук университети (404,36 балл).
7) К.И.Скрябин атындагы улуттук агрардык академиясы (403,54 балл).
8) Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (352,92 балл).
9) Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (324,3 балл).
10) Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (318,12 балл).
Изилдөөгө катышкан ЖОЖдордун ар бир критерий боюнча алган баасы атайын сайтта берилген (https://rating.kg/rating/about-overall-rating). Рейтингди аныктоо боюнча иштер 2023-жылы октябрда башталып, EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1001 окутуучу жана 507 иш берүүчү катышкан.
-- Баалоонун жогорудагы критерийлериндеги чет элдик мугалимдердин катышы сиздердин ЖОЖдо канчалык?
-- Биздин университетте сабак негизинен англис тилинде болгондуктан, бул критерий негизги талаптардын бири болуп эсептелет. Окуу жайыбыздагы Адам ресурстар бөлүмүнүн 2023-2024-окуу жылы боюнча отчетунда 13 мамлекеттен (Индия, Россия, Түркия, АКШ, Эфиопия ж.б.) 45 чет элдик жаран эмгектенери белгиленген.
-- “Илимий цитата келтирүү индекси” деген критерийди жөнөкөй тил менен айтып берсеңиз?
-- Илимий цитата келтирүү индекси (индекс научного цитирования) илим-билим жаатындагы окумуштуулардын эмгектерине шилтеме келтирүү дегенди билдирет. Биздин университеттин “Экономика жана бизнес” (FJBE) журналы SCOPUS’ка кирди. Бул экинчи кубанычыбыз! Бул журнал илимий коомчулукта эң жогорку рейтингдеги басылма. Себеби, илимий даражага аракеттенген окумуштуулар ушундай басылмаларга эки макала чыгаруусу керек. Бул журналдын редколлегиясында 15 өлкөдөн өкүлдөр иштейт. 2008-жылдан бери 2,5 миң макала түшүп, анын 232и (9%ы) гана жарыяланган. Демек, талап катуу, бирок илимпоздор, өзгөчө жергиликтүү окумуштуулар үчүн жакшы шарт деп ойлойбуз (https://vesti.kg/kg/koom/item/125821-ala-too-el-aralyk-universitetinin-ejbe-zhurnaly-scopus-ka-kirdi.html - “Ала-Тоо” эл аралык университетинин EJBE журналы Scopus’ка кирди – Вести.kg – Новости Кыргызстана).
-- Мариям эже, кош кубанычыңар кут болсун! Эми биринчи жакшы кабарга кайрылсак, Кыргызстандагы ЖОЖдордун арасында экинчи орунда болуунун сырлары эмнеде деп ойлойсуз?
-- Ооба, "Ала-Тоо" эл аралык университети Кыргыз Републикасындагы ЖОЖдордун улуттук рейтингинде экинчи орунду ээледи. Биздин окуу жайдын рекламасында “ААЭУ – бул сенин дүйнөгө терезең; 5 тилде эркин сүйлөгөн адистерди; эл аралык мамиле боюнча кызматкерлерди, лидерлерди даярдайт” деп айтылган.
Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү министрилигинин илимий-техникалык долбоорлор сынагынан өткөн «Билим берүү – гендердик теңчиликке жетүүнүн негизги фактору катары (Кыргызстандын мисалында)» аттуу долбоордун алкагында менин жетекчилигимде өткөрүлгөн социологиялык изилдөөдө (2012-ж.) “Сен тандаган кесип сага канчалык жагат?” деген сурообузга «Ала-Тоо» эл аралык университетинин эл аралык мамилелер жана менеджмент бөлүмдүрүндө окуган студенттердин теңинен көбү кесипти өзү жөндөмүнө карата тандаганын, келечектеги кесиби жагарын, ал аркылуу турмуштан өз ордун табарын белгилешкен. Албетте, мамлекетибизде жаштарга өз адистиги боюнча иш табуу кыйын, бирок бул университеттин карьера борборунун билдирүүсү боюнча бүтүрүүчүлөрдүн 90-95%ы бир нече чет тилдерди мыкты билгенинен улам, адистиги боюнча болбосо да иш таба алышат.
Биздин университетти аяктаган жаштар дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде жашап жана ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Университеттин карьера борбору аркылуу жана жеке өзүбүз да такай байланышта болуп турабыз.
-- Мисал келтире аласызбы?
-- Былтыр Японияга инкруизес менен бардык. Биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү Нурбек Ибрагим менен Жапар Кыргызбаев круизден эки күн мурда Иокогама шаарына, ал шаарда экөө ачкан мектепке зыярат жасатышып, анан круизден кийин эки күн Токиону кыдыртышты. Кызык жери, Жапар менен Нурбек менин жолдошум Жолборс Жорбековдун жердештери экен, ата-энелери телефон менен сүйлөшкөндө, “биз барбасак да сен көрүп кел!” деп курсант болушту. Биздин мындай мисалдарды башка мамлекеттердеги жолугушуулардан да келтире берсек болот. Бу жагдай да биздин университеттин ийгиликтүү, заманбап кесипкөй адистерди даярдап жатканынан кабар берет.
-- Сиздин маек боюнча университетте көйгөй жоктой го, же барбы?
-- Ар бир жамаатта сөзсүз алга жылуу болуш керек. Материалдык-техникалык база, окуу-тарбия, илим-билим, эл аралык байланыштар ж.б. тармактарда, албетте, маселелер бар. Жаш, креативдүү жетекчилик менен иштерман жамаат биргеликте иштеп жатабыз...