Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шамшыбек МЕДЕТБЕКОВ, коомдук ишмер: «Усубалиев атындагы алгачкы сыйлыкты Сооронбай Шариповичке тапшырууну чечтик»

Шамшыбек МЕДЕТБЕКОВ, коомдук ишмер: «Усубалиев атындагы алгачкы сыйлыкты Сооронбай Шариповичке тапшырууну чечтик»

18-ноябрь, 12:20
721 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди. Аны уюштуруу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн жана бир жыл бою республика боюнча мааракеге карата иш-чаралар өткөрүлүп келди. Дагы уланат, кийинки жылы аяктайт. Ал эми 100 жылдыкты майрамдоонун алкагында Усубалиев атындагы юбилейлик сыйлык: диплом жана медаль уюштурулган. Аталган сыйлыкты Усубалиевдин мааракесин уюштуруу боючна түзүлгөн коомдук комитет уюштурду. Сыйлыктын алгачкысы президент Сооронбай Жээнбековго тапшырылганы турат. Аны менен катар дагы 8 адам сыйлыкка ээ болушат. Усубалиевдин 100 жылдыгына карата иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча коомдук комитеттин төрагасы Шамшыбек Медетбеков төмөнкүлөргө токтолду. 

-- Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча жыл башында мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Аны менен бирге коомдук комитет да түзүлгөн. Ага авторитеттүү кишилер, Усубалиев менен чогуу иштеген аксакал ардагерлер, партиялык кызматкерлер, коомдук ишмерлер, бир тууган карындашы, кызы, неберелеринен болуп, бир нече мүчөлөр кирген. Коомдук комиссия бир топ жыйындарды өткөрдү. Көп иш-чараларды бекиткен. Анын бири Усубалиев атындагы сыйлыкты уюштуруу болчу. Сыйлыкта медаль жана диплом каралган. Бирок, Кыргызстандан медалды сапаттуу чыгарган мекеме тапкан жокпуз. Россияда иштеп жаткан биздин мигрант мекендешибиз, «Биз бирге» деп аталган эл аралык кызматташуу ассоциациясынын президенти Жыргалбек Белеков жасатып берди. 

-- Медалды даярдатуу чыгымдары ким тараптан болду?

-- Коомдук комиссия чыгымдарды өз мойнуна алды. Андан тышкары Жыргалбек Белековдун жардамы зор болду. Башкысы, медаль сапаттуу материалдан жасалып, алтынга буулатылып даярдалды.  

-- Ал эми сыйлык ээлери кандай критерийлер менен тандалып алынат?

-- Комитеттин чечими менен сыйлык Усубалиев эмгектенген үч кесип боюнча ыйгарылат. Биринчиси – мугалимдерге, экинчиси – массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, ошондой эле мамлекеттик ишмерлерге. Анткени, Турдакун Усубалиевич кесиби мугалим, агартуу тармагында бир нече жыл эмгектенген. Андан соң сиздердин кесиптеш болуп (Москвада он жыл иштеп келгенден кийин) “Советтик Кыргызстан” басылмасынын башкы релдактору болгон. Ал эми өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштеди. Чейрек кылым мамлекетти башкарды. Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ушул тармактардын ар биринен 3төн 9 кишиге жылына бир жолу – Усубалиевдин туулган күнүнө (6-ноябрь) карата тапшырып турабыз.

-- Президент Жээнбековду кандай негизде тандап алдыңыздар?

-- Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын улуттук деңгээлде өткөрүү боюнча жарлыкка кол коюп, мамлекеттик комиссия түздүрүп, мүчөлөрүн чакырып, акылдашып, кем-карчын сурап, сунуштарды угуп, бул мааракенин башында тургандыгы үчүн өлкө башчысы Сооронбай Шариповичти биринчи сыйлыкка көрсөтүп, комитет мүчөлөрүнүн баары бир добуштан колдошту. Усубалиев атындагы алгачкы сыйлыкты президентке ыйгаруу тууралуу чечим чыкты. Белгилей кетсек, сыйлыктын акчалайы да бар, чогуу тапшырылат.

-- Өлчөмү канча?

-- Өлчөмү азырынча тактала элек. Коомдук коммиссия мүчөлөрүнүн сунуштары эске алынып, бир суммага токтолобуз. 

-- Ал каражат кайдан алынат, же демөөрчүлөр барбы?

-- Атайын фонд түзүлгөн. Ага демөөрчүлөрдүн каражаттары чогултулган.  

-- Сыйлыкты президент менен чогуу алчу калган 8 адам да белгилүү болдубу? 

-- Азыр белгисиз. Жылдын жыйынтыгы менен тандалат да, тапшырылат. Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине активдүү катышкандар арасынан тандалат. Тандоо бир нече тур менен өтүп, анда Кыргызстандын социалдык-экономикасына, агартуу тармагына, маданиятына кошкон салымы эске алынып, калыс тандалат. Ар бир тармак боюнча эксперттик топтор иштейт.


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер