Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сыры эмнеде? Ташиев кеткенден кийин Сулайманов из жашырды...

Сыры эмнеде? Ташиев кеткенден кийин Сулайманов из жашырды...

27-август, 00:54
0 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Негизи Нурлан Сулайманов кыйын киши экен. Камчыбек Ташиевдин доору сүрүп турганда баш көтөрүп, ири бизнес долбоорлоруна аралашып, кыйла “кыртыш байлаганы” жашыруун эмес эле. Баласы Эльдарды эки ирет депутат кылууга үлгүргөн. Курманбек Бакиевдин режими тушунда министр болуп, ченгелдеп байыса, кийинки кезеңде кокосуна чейин жетти го? Миллиондорду чапчыган бизнестеринин, жерлеринин, кыймылсыз мүлктөрүнүн чети кертилбей турса, сыры эмнеде? Чечмелөө үчүн баш керек да...

     Нурлан Сулаймановдун кыраакылыгын ушундан билгиле: Камчыбек Ташиев УКМК жетекчилигинен алынганда, ал баласы Эльдарды саясаттан оолактатып, дароо мандатын тапшыртып, парламенттин короосунан чыгарып кетти. Суук көзгө илинтпей сактап калды. Ошентип, дүнүйөнү калчай башташкан ата-бала “жым” болушту. “Ач кулактан тынч кулак” дегендей, эми шүк жүрүшсө, жыйнап алган байлыктары сакталып кала береби? Так кесе бүтүм чыгарбай туралы. Эртең Сыймык Жапыкеевге окшогон чыгаан “кустургучтар” келип калышса, биринчи эле Нурлан Сулаймановдон башташпайбы? “Бу дүйнөнүкү тиги дүйнөгө кетпейт...” деген кеп бекер айтылбагандыр...
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер