Ленин болбосо, Сыдыгалиевге окшогондор тоодо мал багып жүрүшмөк да...

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев эски аянттагы В.Лениндин эстелигин алып, ордуна Т.Усубалиевдин айкелин орнотууну демилгелеп чыкты. Бул эргул акылдан айныганбы? Карт тарыхты кетмендеп, улуу инсан Ленинди жектегени келесоолук эмеспи? Эгерде кыргыздар Россиянын курамына кошулбаганда, илим-билимге сугарылбаганда, кең дүйнөнүн эшиги ачылбаганда, Нурбек Сыдыгалиевге окшогондор тоодо малдын артынан самтырап жүрүшмөк да, туурабы? Эми келип алып ушундай тыңсынгандарды көргөндө, мыйыгыңан гана жылмаясың да. Парламенттин эмнеге баркы кетти? Себеби, Сыдыгалиев сымалдар акчанын күчү менен депутат болушуп, “короого” толуп алышып, элге-журтка шылдың болуп жатышпайбы! Билим, деңгээли какшып турса, анан оозго келгенди оттой беришеби? Таңгаласың. Ал эми Турдакун Усубалиевдин эстелигин шаардын башка көрүнүктүү жерине койсо жарашат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө бул инсандай эч ким эмгек сиңире элек. Бишкектин чоң көчөсүнө атын ыйгарса да татыктуу.
"Азия Ньюс" гезити