Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Макешов: “2022-жылы Кыргызстандын экономикасы 7%га өстү”

Чыңгыз Макешов: “2022-жылы Кыргызстандын экономикасы 7%га өстү”

13-январь, 09:00
1 286 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика министринин орун басары менен маек.

-- Чыңгыз мырза, жыл жыйынтыгына карата экономиканын абалы, өсүштөрү тууралуу кайчы пикирлер да жок эмес. Адис катары сиздин маалыматыңыз менен таанышсак?

-- 2022-жылы Кыргызстандын экономикасы 7%га өстү, бул жакшы көрсөткүч. Соода тармагынан, айыл чарбадан салык түшүрүү жагынан, экономикалык активдүүлүктүн жыйынтыгы, натыйжасы десек болот. ИДП 7%га көбөйүп, жалпысынан 781 миллиард 288 миллион сомду түздү. Бул 2022-жылдын январь-ноябрь айларынын көсөткүчү. 2021-жылы болсо 6029 миллиард 327 миллион сомду түзгөн. Ушул көрсөткүчтөр менен караганда, ИДПнын жалпы 7%га өскөнү көрүнүп турат. Эң негизги өсүүнү өндүрүш тармагы көрсөттү. Ал тармактан жалпысынан 2,5% ИДПнын көбөйүшүнө алып келди. Айыл чарба тармагы 1%ды, тейлөө тармагы 1,94%ды кошту. Ал эми 1%ы болсо продукцияларга болгон таза салыктардан келди. Кайсы тармактан кандай өсүү болгонун берилген цифралар менен так, даана байкадыңыздар. 2023-жылы да бул көрсөткүчтөрдүн жогорулай турганына ишеним чоң.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер