Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдырахман Маматалиев: “Чек араны жапсак, контрабанда токтоп, Тажикстандын экономикасына зыян келет”

Абдырахман Маматалиев: “Чек араны жапсак, контрабанда токтоп, Тажикстандын экономикасына зыян келет”

30-май, 10:02
841 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдырахман Мадакимович, акыркы чыр-чатактарга байланыштуу   “Тажикстан менен чек араны толук жаап салыш керек” деген сунуштар  айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Албетте, чек араны жапсак, биринчи кезекте контрабанданы токтотууга шарт түзүлмөк. Тажикстандын бизге чектеш аймактарынын экономикасына чоң зыян келип, сүйлөшүүлөр учурунда алар кээ бир позицияларын жумшартууга барууга аргасыз болушу мүмкүн. Бирок, алар азыр Өзбекстан менен жакшы мамиле түзүп, мурдагы бузулган жолдорду, көпүрөлөрдү оңдошуп, чек ара өтмөктөрүн ишке киргизип жатышат. Ошондуктан, биз жапсак, тигилер чек арасын ачып берип, биз каалагандай жыйынтык болбой калышы да мүмкүн. Анүстүнө, жапсак, чек ара аймагында жашаган элдердин карым-катнашы токтоп, кандайдыр бир деңгээлде биздин тургундарыбыздын күнүмдүк жашоо тиричилигине залакасы тийиши мүмкүн. Кандай болгондо да биздин бийлик ошондой кадамга бара алабы, же жокпу? Кеп ошондо. Анткени, эл арасында “өлкөдөгү таасирдүү чоң жетекчилер, саясатчылар өздөрү контрабанданын башында турушат” деген сөздөр байма-бай айтылып жүрбөйбү... 

-- Анда кошуналарга таасир этүүнүн башка жолдору барбы?

-- Биздин өкмөттөгү чек ара маселесин тейлеген жетекчилер тажрыйбалуу, эрктүү, билимдүү, көрөгөч, мекенчил, таза адамдар болуш керек. Алар коңшулар менен теңата сүйлөшө билип, ар дайым демилгени колго алып, бир кадам алдыда жүрүүсү зарыл. Ошол эле мезгилде биздин чек ара кызматы жана башка күч органдары жогорку деңгээлдеги күжүрмөн даярдыкта болуусу кажет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер