Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Акматова: “Гуаша укалоосу адамдын иммундук системасын көтөрүп, ковидге да каршы турат”

Динара Акматова: “Гуаша укалоосу адамдын иммундук системасын көтөрүп, ковидге да каршы турат”

16-ноябрь, 13:17
1 487 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гуаша укалоосунун уникалдуулугунда кеп жок. Көптөгөн окурмандар үчүн аябай кызык тема экени талашсыз. Биз ордо калаабыздагы жападан жалгыз адис Динара Акматова айымды таап, эки жылдан бери созулуп келаткан коронавирус илдетине каршы гуаша укалоосунун таасири кандай экенин сурадык.

-- Динара, биздин окурмандардын өтүнүчү менен сизге кайрылып отурам. Эмне үчүн “гуаша” деп аталат?

-- Гуаша – “гуа” – бир тараптуу кыймыл аракет; “ша” – адамдагы жаман энергияны, сыркоону кырып, сүрүп чыгаруу. Физиологиялык көз карашта кээ бир жансыз клеткалар, туздар жана организмге сиңбей калган тамак-аштын калдыктары өз жолун таап кете албай, адамдын денесинде көп учурда кала берет да, саламаттыкка терс таасирин тийгизет. Гуаша укалоосу ушундай жат көрүнүштөрдү жөнгө салып, калыбына келтирет. 

-- Гуаша укалоосу дененин кайсы жерлерине жасалат да таасири, жыйынтыгы кандай болот?

-- Азыркы кезде дененин төрт жерине жасалып келет. Биринчиси – далыга. Экинчиси – курсакка, бутка жана абдан маанилүү болгон бетке. Эгер ар бирин кыскача чечмелей турган болсом, далыга жасалчу массаж эң орчундуусу экенин баса белгилегим келет. Адамдын далысында организмди көзөмөлдөп, иш тартибин жөнгө салып турчу энергетикалык канал меридиан жана табарсыктын меридианы жайгашкан. Жалпы жонунан 12. Ал каналдар убакыттын өтүшү менен кирдейт, кебер басат, жикчелер бүтөлөт. Мына ошону буйволдун мүйүзүнөн жасалган атайын кыргычтын жардамы аркылуу өз эрежеси менен кырууда энергетикалык жикчелер тазаланып, организмдин иштеши жөнгө салынып, калыбына келет. Адамдын организмдеги микроциркуляция каны жакшыртылат. Ошонун аркасы менен ар бир орган өзүнүн функциясын жакшы аткарып баштайт. Көз жакшы көрүп, кулак жакшы угуп, сезүү органдары жакшыртылып, жүрөк кан тамыры мыкты иштей баштайт. 

Экинчиси массаж боюнча айтсам, өзүңөр билгендей, курсакта май клеткалары орун алат. Ашыкча майлар клетканы аралап өткөн кан тамырлардын нормалдуу иштешине тоскоолдук жаратат. Аны жоготууда гуаша укалоосу жакшы эффект берип, майлар кетип, клеткалар жакшырып, кан айлануу жакшырат. 10 күндө 10 сантиметр май (эгер курсак жумшак абалда болсо) кетет. Эгер катуу, нык болсо 20 күндө 10 сантиметр кетет. 

Үчүнчүсү бетке жасалат. Жаш өткөн сайын бетти бырыш баса баштайт. Буга ар кыл сырткы күчтөрдүн, мисалы, күндүн нуру, абанын булганыч катмары таасир этет да бетти бырыш, безгек, “бойдоктор” басат. Бул дагы буйволдун мүйүзүнөн жасалган атайын кыргыч менен кырып тазаланат. 

Төртүнчүсү, бутка жасалат. Эки бутка 20 мүнөттөн 40 мүнөт. Организм шлактан, туздан тазаланат, дене жашарат. Укалоонун 4 түрүн алган адам кадимкидей 10-15 жылга жашарып, ден соолугу калыбына келип калат. Муну нечен жолу тажрыйбамда көргөм. Укалоону адам бир жылда бир алып койсо, жаман болбос эле. Азыр көптөрү ата-энесине кымбат баалуу машина, норка тон, зер буюмдарын алып берет же путевка менен башка шаарларга сейилдеткени жиберет. Андан көрө колуна 5-6 миң сом карматып, “апа, мобу акчага гуаша массажын алып, жашарып, саламаттыгыңызды жакшыртып алыңыз” деп койсо, сонун белек болот эле да.   

-- Мына, эки жылдан бери аты жаман илдетке дүйнө жүзү кабылып, коронавируска чалдыкпаган адамдар жокко тете болуп калды. Ага гуаша укалоосунун жардамы тийеби?

-- Албетте, гуаша укалоосу коронавирус оорусуна чалдыгып ооруп аткан учурда жардамы тийет дегенден алыспыз. Аны штаммына жараша протоколдук дарылоо ыкмаларын колдонуп айыктырат. Бирок, биз бул илдеттин алдын алып, адамдардын иммундук системасын көтөрүп, илдетке кабылган күндө да жеңил өтүшүнө кепилдик беребиз. Мындай нерсе тажрыйбабызда кездешти. Гуаша укалоосун алган адамга бул илдет жолобой, жандап өтүп кетиши да мүмкүн экенине көзүбүз жетти. 

-- Эң негизгисин сурайын, гуаша укалооңдун кызматы канча турат?

-- Кытай эли гуаша укалоосундагы бир курсун алыш үчүн жанагы мен айтып аткан үч укалоону: далыга, курсакка жана беттикине 2000 доллар төлөп жасатат. Кээде алар күн мурун жазылып коюшат. Россияда 150 миң рубль коротот. Ал эми биздин шартты алып көрөлү. Экономикабыздын абалын түшүнүп турабыз. Бу жерден түшүндүрмө берип кетейин, далыга жасата турган болсо ар бир укалоосу 700-1000 сом. Далынын бир курсу 7000 сом. Ошондо 10 жолу алат. Бул эми салыштырмалуу итбекер эле болуп атпайбы. 

-- Эми сизге байланыша турган телефон номуруңузду айтып коюңуз?

-- Вотсап номурум: 0705-21-93-18.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер