Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турмушта туура эмес жолдо бара жатканыңыздын 6 белгиси

Турмушта туура эмес жолдо бара жатканыңыздын 6 белгиси

29-март, 18:12
747 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бардык адам бактылуу болуп, жашоосунда өз ордун таап, турмушунан канааттангысы келет. Бирок айрымдар башка бирөөнүн көрсөтмөсү же каалоосу менен өз кыялын ишке ашырбай, өзү көздөгөн нерсеге жетпей жүрө беришет. 

1. Адамдын максаттарынын, каалоолорунун жана кызыкчылыктарынын жок экени

Сиз өз жашооңузга, жумушуңузга кайдыгер карайсыз, бир нерсени өзгөртөм деген оюңуз жок. Баарына көңүл кош карап калуу – жашоодогу өз нугуңуздан тайып, адашуу жолунда жүргөнүңүздүн белгиси дешет энергетика жаатындагы адистер. Анткени сизде баарын ишке ашырууга энергия жок.

2. Башкарлардын бактылуу болуп жашап жатканына ачуулануу

Башка адам жашоосуна шыктанып, бактылуу болуп жатса, сиз ага капа болуп, ичиңиз күйгөнү дагы туура эмес. Анын чыныгы себебин табуу керек.  

3. “Жашоодо баары өз нугундай болбой жатат” деген сезим 

Туура эмес жол менен кетип бара жатканыңыздын дагы бир белгиси – бул “жашоодо баары өз нугундай болбой жатат” деген сезим. Өзүңүзгө ишеним артып, болуп жактан кыйынчылыктар убактылуу экенин сезип, алдыга умтулуп, жаңы жолдорду издеңиз.

4. Эмне жасасаңыз дагы ишиңиз жакшы жүрүшпөй жатат

Адам эмне кылса дагы баары туура эмес болуп, күткөн жыйынтыктар чыкпай, турмушта кыйналып жүргөн болсо, “Кудайым берген чыныгы туура жол менен бара жатамбы?” деп ойлонуп көрүүсү кажет.  

5. Жаман адаттардын болуусу 

Алкоголь, жалкоолук, ачкөздүк, өзүмчүлдүк сыяктуу туура эмес адаттар дагы адам өзүнө карата көзөмөл менен эркин жоготконун билдирет.  

6. Катуу өкүнгөн абал   

Кубаныч менен чыгармачылыкка көп убакыттан бери эле орун калбай, катуу бир нерсеге өкүнүп, кабатыр болуп жүрсөңүз, бул дагы жашоодон берилген бир эскертүү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер