Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

23-сентябрь, 15:01
552 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде)

III. Ар-намыстуулуктун бийик наркы – Манас атанын атуулдук баркы 

1. Манас

“Манастагы” ак калпакчан кыргыз баласынын социалдык мүнөзүнүн дагы бир айырмалуу белгиси – бул ар-намыстуулук, намыскөйлүк.

Элибиздин ичинде “Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт”, “Эр – намыстын кулу”, “Колдон намысты кетиргенче, канжыгадан баш бериш керек”, “Мал сактаба, ар сакта”, “Баатырдын баш ийгени – өлгөнү”, “Баатыр намыс үчүн төрөлүп, намыс үчүн өлөт” деген макалдар жашап калган. Ушул патриоттук ар-намыстын духуна сугарылган макалдардын нугунда дагы ойлонсок, анда сөзсүз улуу Манас атабыздын өзүнө келип такалабыз. Манас баатырдын мүнөзүнүн эң башкы өзөктүү белгиси – ар-намыстуулук. Анын рухунда жеке адамдык ар-намыс менен Ата журттун, элдин ар-намысы жуурулушуп кеткен. Карап турсаң, Манас менен кыргыз эли бир эле дене сыяктуу.

Манастын ички толгонууларына жана санаркоолоруна караңыз. Намысы тынчтык бербей: «Атым өчүп калбайбы, атамдан калган Ала-Тоо, Алтайдан калбай албасам» деп жаш баатыр дайыма ичинен толгонуп, азаптанат. Өз ата конушунун бирөөлөрдүн бийлиги алдында калганына катуу чычалап, ичи өрттөнүп: «Жердеп турат жеримди, ээлеп турат элимди, Текес менен Алооке, кетирип турат кебимди» деп дамамат бармагын тиштеп, түтөп турат. Ала-Тоонун, Анжиян менен Кашкардын душмандын таман алдында жатышын өзүнүн жеке инсандык ар-намысынын тепселип жатышы катары туюнуп, эч бир жаны жай албайт. Анжиянды басып жаткан Алоокеден улам: «Атамдан калган жеримди, алдырып коюп Кытайга, аңкайып кантип турамын?», «Кызыктуу жерди алдырып, кыргыз уулу болгончо, кырылып жатып калалык, кайтарып жерди албасак, кан жөткүрүп калалы» дейт ал муштумун таштай түйүп. Мына караңызчы, күчтүү эмоция менен коштолгон бул сөздөр атуулдук-жарандык-патриоттук терең толгонуулардын жана санаркоолордун бийик көрсөткүчү. 

Боштондук жөнүндөгү элдин эңсеген мүдөөсүн туюп, ошол зор мүдөөнүн эр азаматтын алдына койгон талап-муктаждыгын ичтен аңдап түшүнүп, патриоттук сезими алоолонуп жанып турган Манас – жарандык бийик аң сезимдүүлүктүн, ар-намыстуулуктун үлгүсү. 

“Көкөтөйдүн ашында” Нескара, Жолой, Коңурбай баш болгон калмак-кытайдын калдайлары “Мааникер күлүгүңөрдү бергиле, болбосо чаап кетебиз” деп кыргыздарды жөөлөп, коркутуп турганда, капыстан Таластан кырк чоросу менен күркүрөп ашка кирип келген шер Манас эзелки жоонун эсирген үлкөндөрүнүн маңдайына ат ойнотуп тура калып, “оозунан түтүн буркурап, көзүнөн жалын шыркырап”, минтип турат:

Өрдөшкө жатар чагым жок,

Өлүмдөн аяр жаным жок,

Кайран жаным барында, 

Кытайга тартар малым жок, 

Мааникер берер чагым жок. 

Ардактап ашка чакырдым, 

Абийириң менен этиң же.

Алуучу калмак сен эмес,

Алдырчу кыргыз мен эмес, 

Чабуучу кытай сен эмес, 

Чаптырчу кыргыз мен эмес!

Манастын элинин, жеринин аброю, ар-намысы үчүн баардыгына даяр экендигин, өлүмдөн кайра тартпай турган түрүн көргөндөн кийин калмак-кытайдын Нескарасы:

“Тоо жердеген бурутка

Тоодою Манас чеп экен,

Келберсиген эр экен,

Ушу турган бурутка

Бир жаралган шер экен” деп ичинен күбүрөнүп, кыргыз ажосунун артыкчылыгын моюнга алып, артка кетенчиктөөгө аргасыз болот.

Ошол эле “Көкөтөйдүн ашында” эр сайышка калмак-кытай тараптан Алгара тулпарын булкунтуп, Коңурбай чыкканда, ага каршы сайышка мен чыгайын деп Алманбет Манастан суранат. Бала күндөн касташып жүргөн жоом эле, кезекти мага бер деп өтүнөт. Ошондо Манас Алмамбетке мындай дейт:

“Ай, Алаке, көкжалым,

Кара кытай, манжуу журт

Ушак кылып жебейби,

Соорондуктун жалгызын,

Качып барса бурутка, 

Аябастан өлүмгө

Кармап берди дебейби?

Калмак шылдың кылбайбы? 

Кыргызды кудай урбайбы. 

Бул Алманбет көкжалдын 

Бактысы мындан сынбайбы!

Өсөк кылып жебейби,

Кантип жүргөн калмакты 

Өлүмгө берди дебейби!

Колундагы сыр найза

Таяп калды дебейби,

Коңурбайдан Манасты 

Жалпы журту чогулуп, 

Аяп калды дебейби!

Бул жерде да Манастын биринчи иретте кыргыз журтунун, мамлекетинин ар-намысын ойлогон чоң саясатчы экени ачыкка чыгып турат. Чынында эле Кытайдан келген Алманбетти кайра кытайлыктын өзүнө каршы сайышка чыгарса, аштагы бөтөн эл-журт эмне дейт эле? “Кыргыздын өзүнүн найзакери жокпу?” деген сөздүн чыгары анык.

Күңкордуктан кутулуп, өзүнүн эгемендүүлүгүнө ээ болгон кыргыз мамлекетинин күч-кубатын Каркырага жыйылган алыскы-жакынкы калктардын алдында даңаза кылуу, ак калпак журттун ар-намысын сактоо мүдөөсүнөн чыгып, Манас Алманбеттин өтүнүчүнө терс жооп берип, Коңурбайга каршы сайышка өзү чыгат.

Кыскасы, Манас баатырды улуттун ар-намысынын символу десек эч жаңылбас элек. Бүгүнкү эгемендүү Кыргызстанда жетекчилеринен тартып, катардагы жарандарына чейин дал ушул Манас атадай калк камын ойлогон ар-намысчыл дух менен жашоосу керек.


2. Кошой

Каркырадагы "Көкөтөйдүн ашында" Азия аймагынын кожоюнумун деп сезген калмак-кытайлар империялык кекирейүүчүлүк менен кыргыз калкынын көз карандысыздыкка жетишип, эгемендүү журт болгонун моюнга албай турат.

Сыртынан караганда, аштын шаңдуу, салтанаттуу атмосферасында жайынча спорт оюндары (жамбы атыш, ат чабыш, балбан күрөш, найза сайыш ж.б.) өтүп жаткансыйт. Бирок ич жагын үңүлүп карасаң, ошол спорт мелдештери кадимки «согушту» элестетет. Бул негизинен эпикалык кытай, калмак менен кыргыздын көмүскө «согушу». Ар бир мелдеште каңгайлыктар менен ала-тоолуктардын ортосунда астыртан атаандашуу, эрегишүү, жыйрылган пружинадай чыңалган психологиялык кырдаал, конфронтация өкүм сүрүп турат. Тирешүүнүн градусу ушунчалык жогору деңиз, аштагы кандайдыр бир эки баатырдын, эки балбандын эрөөлү бул экөөнүн гана кармашы эмес, кыргыз менен кытайдын беттешүүсү катары, ал эми жеңилип калуу бир инсандын гана кайгысы эмес бүтүндөй элдин, мамлекеттин намысын алдыруу, кыргызды же кытайды уятка калтыруу катары кабыл алынып жатат. Коңурбай момунтип: «Кырдагы кыргыз өтүп баратыр, кытайдын оту өчүп баратыр» десе, кырк чоронун башчысы Кыргылчал калмактын түктүү таман Түкүбай балбанына каршы бара жаткан чыканактай эр Агышка: «Намыс кетип калганча, тирүү жүрбөй өлүп бер, имерип ичтен чалып бер, кыргызга намыс алып бер» деп чебеленет. Бир сөз менен айтканда, мелдеште жеңип, мөрөй утуу эки тарап үчүн тең стратегиялык мааниге ээ болуп отурат.

Ушундай чыңалган кыйын кырдаалда "Алты батман буудай жеп дан жыттанган, алтымыш алпты бир союп кан жыттанган калмактын алп Жолою күрөшкө чыгат. Кыргыз-казак, түрк – мусулман калктарынын ичинен бир дагы балбан Жолойго даап бара албайт. Дал ушундай шартта атактуу Кошой баатыр өзүнүн сексен жашта экенине карабай, кыргыз элинин ар-намысы үчүн Жолой менен күрөшкө чыгууну чечет.

Чындыгында эл кыйын кырдаалда Кошой жашы эңкейгенине карабай, Манастын туусун, кыргыздын туусун жерге түшүрбөй желбиретип, көкөлөтүп кармап берди. Кошой илгертен кыргыздардын канын төгүп, баскынчылык кылып келген Азиядагы эпикалык каңгай бээжиндик империянын агрессивдүү өкүлдөрүнүн алдында драмалуу, кандуу күрөштө тоодой болгон Жолойду жыгып, кыргыздын эгемендүү жаңы мамлекетинин ар-намысын коргоп калды.

Бүгүн экономика тармагында болобу, маданият же спорт тармагы жагындабы, аскердик кызмат жаатындабы, кыскасы, кайсы тармакта болбосун, Ата мекенибиздин, эли-журтубуздун ар-намысын, аброюн Кошойчо коргогонго, Кошойчо талашканга, күрөшкөнгө ар кимибиз даяр турушубуз керек. Мындай сапат  өлкөбүздүн өйдөлөп өркүндөп-өсүшүнүн шарты. Спортчуларыбыз жеке атак-даңк үчүн гана эмес, кандайдыр бир коммерциялык сумма үчүн эмес, баарыдан мурда өлкөнүн ичинде да, эл аралык ареналарда да, эгемендүү Кыргыз Республикасынын аброю, ар-намысы үчүн ат салышуулары зарыл.


3. Балбай баатыр

Манас атанын ар-намыстын туусун желбиретип жашаган патриоттук өрнөгү кыргызда таалим-тарбия механизми аркылуу укумдан-тукумга өткөрүлүп турган. Кечээ XIX кылымда Манастын баатырдык салтында тарбияланган Эшкожо уулу Балбай баатыр айбалтасына таянып туруп: “Эч кимге элимди кул кылбайм, жеримди тепсетпейм” деп ант берген. Кийин ошол эле Балбай баласы Мойнокко: «Элиң үчүн өрт аралап, ок кеч. Кандай да болбосун, жоо колунан сактап кал. Душман чегиңе тийбесин” деп керээз-насаатын нускалаган. Ойлоонун мындай жарандык образы кыргыздын илгери-кийинки муундары үчүн мүнөздүү болгон. Дал ушундай ар-намыстуулуктун, мекенчилдиктин күжүрмөн руху ак калпак журтубузду тарыхтын тагдырды сынаган бороон-чапкындуу нечендеген кыйын-кезеңдеринен сактап келген. 


4. Акбалта

Жеке адам, атүгүл бүтүндөй журт “жаным тынч, курсагым ток, кийимим бүтүн болсо болду” деп өзүнүн эркиндигине, боштондугуна кайдыгер карап кол шилтеп, «акылдуу» бирөөлөрдүн «чүлүктөп» жетелеп башкаруусунун, үстөмдүгүнүн алдында күн көргөндү ыңгайлуу көрүп, тагдырынын боо-тизгинин чоочун колго табыштап, эркиндигин күчтүүлөрдүн «аталык камкордугунун» астындагы «курсагы ток турмушка» алмаштырып коюшу да мүмкүн. Ушундай маанайга, ойго алдырган адамдар “Манаста” да бар. Маселен, түп Бээжинден, Какандан бери түрүлүп келип, Ала-Тоону кытай-калмак басып алганда, Шыгай кан кыргыз журтуна кайрылып, “душман менен кармашарга алыбыз жок, чапчышарга чамабыз жок, жоонун айтканына көнүп, каалаганын берип, башка түшкөн тагдырды көтөрүп, чоң Каңгайга баш ийип, тынч жашайлы” деп кеңеш салат. Ошондо Бай менен Акбалта чамынып, Шыгайга жооп берип турганы бул: “Көп эле болсо өлөбүз, өлбөй канча жүрөбүз? Артыкча башым барында, айылымды кантип берейин! Кутурган экен Алооке, ал ит менен кулжуңдашып көрөйүн!”. Бул сөздөрдүн төрт тарабы тең торолуп, туюкка кептелип турганын көрүп турса да, баш ийип күн көрүүнү, курсагы тойгон кулдун тагдырын күтүүнү ар көргөн, “мындан көрө туулбай туна чөгөйүн, тирүү жүрбөй өлөйүн” деген кыргызды дагы бир жолу көрүп турабыз. Өзүнүн жана өлкөсүнүн тоо бүркүтү сыяктуу эркиндиги, өз тагдырына өзү кожоюн болгон өз бетинчелик, багынбас баатырдык дух, ашказандын, курсагы тойгон кулдун жазмышынан ар-намысты бийик койгон парасаттуулук, күңкорлуктан күрөштү артык санаган патриотизм-кыргыз социумунун ыйык дөөлөттөрү. 


5. Манас атанын урпактары: Тилекмат, Тоголок Молдо

“Ак кымкаптан тон албайм, ар кимди барып бир ырдап, ары жок ырчы боло албайм” (Барпы) деп ырдаган тоолук акындар калайык калкка ар-намыстуулуктун таалимин үгүттөп, үйрөтүп турган. 

Этик-философтордун ою боюнча бу дүйнөгө келген ар бир адам баалуу, кайталангыс, уникалдуу, сен ошол баалуулугуңду сезишиң керек, адам деген бийик наамга татыктуу болуп, өзүңдү өзүң сыйлап, адамдык беделиңди төмөн түшүрбөй, жекече ар-намысыңды бийик кармап жашашың керек. «Ар намыстуу адам ачка болуп турган күндө да бирөөлөргө жалдырап, эки колун сунуп нан сурабайт. Ал эч убакта өзүн өзү басынтпайт. Ар-намыстуу адам материалдык пайда жана финансылык бакубатчылык үчүн да эч убакта бирөөргө кул болуп бербейт. Мындай өздүк кадыр-барк сезими (чувство собственного достоинства) жогору адам үчүн бирөөлөрдүн «алтын торуна» караганда, биринчи иретте өзүнүн эркиндиги, өз алдынчалыгы жана кишилик ар-намысы артык» (Е.В.Аболина). Тоолук акын Тоголок Молдо да ушундай духта ойлонуп турат. Ал нагыз адам башына кылыч кармап турса дагы сөзүнөн танып, аброюн жерге түшүрбөйт, мал, дүнүйөгө алданбайт дейт («Адам мүнөзү» поэмасы). Акын үйүндө оокат кылбай, куурай башын сындырбай, айылдан айыл кыдырып колоктоп басып жүргөн, айткан сөз кулагына кирбеген, үйүндө аялы, балдары ачка отурса, өзү көрүнгөн үйдөн тамак аңдып, түтүн чыккан жерге жолбун иттей жетип барган, катын-калачка шылдың болгондон уялбаган арсыз, намыссыз киши жөнүндө жипкирүү менен жазган “катынына кайыры жок, баласына пайда жок, мындай акмак кайда бар?». («Эркектердин мүнөзү» поэмасы). Мындай намыссыз адамды Тоголок Молдо «тим басып тирүү жүрсө да, тирүүлөй өлүк» деп атаган. Акын жарандарды эл алдында уятка калбай, арсыз, нарксыз, жетесиз аталбай, ар дайым жеке ар-намыстын байрагын бийик көтөрүп жүрүүгө, жакшы иштер, мыкты жүрүм-турум менен аброй күтүп жашоону сөз менен да, иши менен да үгүттөп өмүр сүргөн. 

Өзүнүн жекече адамдык беделин да, ар-намысын да жерге түшүрбөгөн, эл-жердин да намысын коргогон асылдар Ала-Тоо арасында ар дайым арбын болуп келген. Мүнөздүү мисал катары ошондой асылдардын бири айтылуу Тилекмат акенин өрнөгүнө көңүл буруп өтөлү. Ысык-Көлдүк Зарыпбек өкүмдар Тилекмат акени негизсиз кодулап, бийлигине чиренип, “тентип келген кулсуң” деп жөөлөп, атайы башкаруу чөйрөсүнөн оолактатууну көздөйт. Ал бир күнү Тилекмат акени алдына чакырып алып: “Деги сен кимсиң? Өзүңдү киммин деп ойлойсуң?” деп демитип сурайт. Анда Тилекмат аке: “Биз Кудайдын пендесибиз. Биздин жарык дүйнөгө келип кетүүбүз келгин куш сыяктуу, убактылуу. Баардык адамды Кудайдын пендеси деп тең тутуп ардактасак кана! “Мен замандаштарыма: улууларга, өкүмдарларга, кичүүлөргө, курбуларыма бирдеймин. Мен баарына теңмин. Мен калыс эмес, кыйкымчыл, ичи тар, өзүм дегенде колун ийе тарткан өкүмдарлар менен пейилим келишпейт, ымалам жуушпайт. Мен андайлардын бийлигин да, буйругун да кабыл албаймын. Кош, Зарыпбек” деп, этек-жеңин кагына ордунан туруп, эшикке чыгып кеткен. 

Баардык адамдар мансап-даражасына, бай-кедейине, улуу-кичүүсүнө карабай калыс, адилеттүү, сый мамилеге акылуу деген көз караш Тилекмат акенин тутунган ишеними болгон. Бу кеменгердин ою боюнча кишиге карата адилеттүүлүктүн, калыстыктын бузулушу, ага карата текебер, үстөмчүл мамиле – адамды басынтуу, анын ар-намысына шек келтирүү деген кеп. Дал ушундай кырдаалда Тилекмат аке мына моминтип, кыргыздын “Какайганга какайгын, падышанын уулу эмес, эңкейгенге эңкейгин, атаңдан калган кул эмес” деген эрежеси менен Зарыпбек өкүмдарга каяша жооп кайтарып, адамдык беделин жерге түшүргөн эмес жана мындай жүрүм-туруму менен бийлик ээсине эстен чыккыс сабагын берген. 


6. Манастын жары Каныкей – ар-намыстуулуктун шамчырагы

Мынча болду, ар-намыстуу жүрүм-турумдун дагы бир мисалын алдыңыздарга тарталы. Бул ирет дагы бир жолу кайрадан “Манаска”кайрылып, Манас баатырдын жары, “калк энеси” Каныкейдин өрнөгүнө назар салып өтөлү. Кыргызга ата болгон ажо Манастын көзү өткөндөн кийин Көбөш баштаган «алты арам» Каныкейдин да, калктын да чекесине чыккан чыйкан болот. «Чырпык өзүн тал ойлойт, чымчык өзүн куш ойлойт» делет элде. Бул жерде Каныкейдин жанын күйгүзгөн нерсе: агасы Манастын аркасы менен киши катарына кошулуп келген, арымы кыска, абийири пас Көбөштүн өзүн Манаска тең келген баатыр катары сезип, эл эгеси менмин деп эсептегенинде («Манастай өзүм турганда, өлгөндү кантип ойлоймун»). Манастын көзү өткөн соң, бул жамандын ашынып чыгарын, өзүнө кылгылыкты кыларын Каныкей билген, бирок Манастан айрылып, кара кийип кан жутуп отурганда катын кылып алам деп эсирери канышанын үч уктаса түшүнө кирген эмес. «Агасынын катынын иниси жерге таштайбы, жесири калса агадан жеңесин кайни алуучу» деп Көбөш салтты бетке кармамыш болуп, өзүнө жуучу жибергенде, Каныкейдин күйбөгөн жери күл болот. Манастын арбагын жана өзүнүн аялдык ар-намысын бийик койгон Каныкей Абыке, Көбөштүн мындай ниет-мүдөөлөрүн чечкиндүү түрдө четке кагат. Жуучу болуп келген Баймат менен Кыргыл чалдын «айткан сөзгө көнбөсөң, айткан сөзгө көнбөсөң, чынын айтып коёюн, кан Көбөштөн өлөсүң» деген сөзүнө Каныкей: «Уурдап алчу катын жок, урушпай чапчу баатыр жок, баркыма жетпейт, тийбеймин, баатыр да болсо сүйбөймүн, чамам келсе тийбеймин, чаркым келсе сүйбөймүн! Уялсаңчы эки акмак, арачыга келгенден» деп жуучуларды канжар менен кууп чыгат. Манастын жарынын көөдөнүн намыс тепкен жалтанбастыгына жана «хандын» эркине баш ийбеген багынбас нравасына кылыч менен найзаны каршы коюудан башка Көбөштүн айласы калбайт. Экөөнүн ортосунда кандуу кагылыш болуп өтөт. 

«Качырлардын арасында тулпар карып, каргалардын арасында шумкар карып» дегендей, ой жүгүртүү образы, жандүйнө түзүлүш бөлөк, руху бийик намыскөй Каныкейдин «бытовизмдин» сазына тыгылган Көбөш көрпенденин чөйрөсүндө жашашы мындан ары карай мүмкүн эмес эле. Каныкей өлкөсүн таштап, бешиктеги Семетейин бооруна көтөрүп, Букарга кетүүнү артык көрөт. 


Корутунду

Өзүнө ыңгайлуулук, комфорт издебей, көшөкөрлөнбөй, жанына тынч жайлуу жерди көздөбөй, кандай гана шарт, кыйынчылык, коркунуч болбосун аброюн, абийирин бирөөлөргө тепсетпей, инсандык ар-намыстын байрагын жогору кармаган Каныкейдей, жанагы Тилекмат акедей асылдар, анан дагы кыргызынын намысы үчүн сексен жашында күрөшкө түшүп, Жолойду жеңип, элине мөрөй алып берген “Манастагы” эр Кошой сыяктуу патриоттор тукумдарыбызга үлгү жана сыймыктануунун предмети болуп келет. 

Касиеттүү Ала-Тоодо улуу Манастын, Каныкей эненин, Кошой атанын, Тилекмат акенин намыскөй руху жашап турганда, кыргыз журтунун келечеги кең!


Советбек Байгазиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер