Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КУУну уят кылган Турусбек Маразыков корреспондент-мүчө болууга жулкунууда

КУУну уят кылган Турусбек Маразыков корреспондент-мүчө болууга жулкунууда

29-апрель, 12:48
858 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө жана корреспондент-мүчөлүгүнө шайлоо өткөрүү тууралуу жарыя чыккандан бери этеги элек, жеңи желек болуп, чуркап жүргөн илимпоздор көбөйдү. Алардын арасында татыктуусу бар, татыксызы бар, айтор, “аламан байгеге түшөм” деп ээленип, дарбыгандар андан көп. Ошондой дарбыгандардын бири Турусбек Маразыков. Бул эргул 2016-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУда конкурс болгондо профессорлук орунга өтө албай, митинг артынан пикет уюштуруп, көчөдө жаңжал чыгарып, делбетап болуп, “ачкачылык жарыялайм” деп өлүмтүгүн артып, “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей, бир топ ызы-чуу салгандардын бири болуптур. Андан кийин Кытайга эки жылга иш сапарына жөнөтсө, мөөнөтү бүтө электе 9 ай мурда качып, баса берип, улуттук университетти уят кылган экен. Жердештеринин аркасы менен эптеп кандидат, доктор болгон, илимий чөйрөдө окумуштуу катары эсептелбеген, колго алар бир илимий эмгеги жок бул эргулду эми улуттук университет корреспондент-мүчөлүккө көрсөтүп жатыптыр. Университетте ызы-чуу салып көнүп калган Турусбек Маразыков эми окумуштуулар чөйрөсүн бир эрмектесин деген максатта жөнөтүп, андан кутулгандарына кубанып, бир чоң түлөө өткөрөлү дешкен окшойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер