Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Казакбаев: “Кыргызстан чет-өлкөлүк аферисттерди бага турган жайбы?”

Замир Казакбаев: “Кыргызстан чет-өлкөлүк аферисттерди бага турган жайбы?”

22-январь, 13:23
1 767 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист Замир Казакбаев "Коопсуз шаар" боюнча ой бөлүштү.

"Коопсуз шаар" деген долбоордун түпкү максаты башка экенине эми ынанып отурабыз, чынбы? Бул эч кимдин коопсуздугуна деле жооп бере элек. Экинчиден, эч кимдин өмүрүн дагы сактаган жок. Тескерисинче жол кырсыктары көбөйдү. Мас абалындагы айдоочулар арбыды. Камераң жыт сезбейт экен да! Мага ишенбесеңер статистиканы карагыла. Жаңы бийликтин кулагына күмүш сырга. Азырынча элибиз айып пул төлөөгө жөндөмдүү эмес. Себеби биз жумуш орундарын түзө албай жатабыз. Экинчиден жумуш орду болгон күндө дагы айлык-маяна прожитичный минимумда. Дегиле. Эл, төлөгөн салыктардан сырткары, айып пул төлөшү үчүн, айлык маяна жок дегенде күнүнө 1500 сомду түзүүсү керек! 

Элди эзгенди токтоткула айланайын өкмөт. Столбадагы камерасын чечип алып кете беришсинчи. Бутубуздан турганда чакырабыз. Отвечаю чакырабыз! Ага чейин каныбызды ичип бүттүңөр. Кан деле суюлуп, суу болуп калды. Кеткилечи бизден!

Эгер айып пулдун жок дегенде 50% мамлекеттин казынасына түшүп атса дагы бир жөн эле. Чет өлкөлүк аферистерди бага турган жайбы бул, Кыргызстан деген? Качанкыга чейин жедирип коюп карап отура беребиз? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер